12:46 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1389)
77 0 0

Лондондук адистер кош бойлуулар вирустун айынан эрте көз жарганы менен баласынын салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн белгилеген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Коронавирус аныкталган же жуктурду деп шектелген кош бойлуу аялдардын көбү эрте төрөп коюшат. Бул тууралуу "Известия" агенттиги лондондук окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Адистердин иликтөөсүнө ылайык, Улуу Британияда коронавирус инфекциясы менен ооруган боюнда бар аялдардын 12 пайызы эрте көз жарган. Ал эми орто эсеп менен британиялык аялдардын 7,5 пайызынын наристеси ара төрөлгөн.

Ал эми Америкада COVID-19 жуктурган же шектелген келиндердин убагынан эрте төрөшү 15,7 пайызды түзгөн. 

Адис вирус жуктурган аялдардын баласы салмагы аз болуп же өлүү төрөлбөгөндүгүн белгилеген.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1389)

Тема боюнча

COVID-19дан айыккандардын иммунитети боюнча окумуштуулардын жаңы ачылышы
COVID симптому өпкө рагынын да белгиси болушу мүмкүн. Соңку изилдөө
Белгилер:
төрөт, кош бойлуу, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ