ДССУ коронавирус пандемиясы качан бүтөрүн айтты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМасочный режим в Москве
Масочный режим в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Клюге бул болгону божомол экенин белгилеген. Анткени кырдаал мындан ары кандай өнүгүп, өзгөрүп кете турганын эч ким так айта албайт.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн. Бул тууралуу ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюгенин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
"Коркунучтуу күндөр артта калды. Биз вирус тууралуу 2020-жылга салыштырмалуу көбүрөөк билебиз", — деген Клюге.
Адис вирус адам популяциясынан жоголбой турганын айтып, бирок көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин чектөөгө болгон талап алынарын кошумчалаган. Клюге бул болгону божомол экенин белгилеген. Анткени кырдаал мындан ары кандай өнүгүп, өзгөрө турганын эч ким так айта албайт.
Буга чейин ДССУнун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович эгер адамдар сак болбосо, коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин боолгологон.
Жаңылыктар түрмөгү
0