17:50 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
136 0 0

Мессенджерге бардык жазышууларды автоматтык түрдө өчүрүү кызматын кошкондон кийин чаттагы маалыматтар 24 саттын же 7 күндүн ичинде жоголуп кетет.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Telegram мессенджериндеги жазышууларды эми автоматтык түрдө өчүрүүгө болот, ал эми тайпадан мындай кызматты администратор гана кошо алат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Telegram колдонмосундагы бардык жазышууларды автоматтык түрдө өчүрүү кызматын кошкондон кийин чаттагы маалыматтар 24 саттын же 7 күндүн ичинде жоголуп кетет. Колдонуучу мөөнөттү өзү тандайт. Тайпалар менен каналдардагы жазышууларды аккаунтту ачкандар көзөмөлдөй алмакчы.

Telegram — бул көптөгөн форматтагы билдирүүлөрдү жана медиа файлдарды жөнөтүүгө мүмкүндүк берген мессенджер. Долбоор 2013-жылы "ВКонтакте" социалдык тармагынын негиздөөчүсү Павел Дуров тарабынан иштелип чыккан.

Тема боюнча

WhatsApp аркылуу жазышкандарды эми Telegram мессенджерине көчүрүүгө болот
Sputnik Telegram тармагынан англис тилинде жаңылыктар каналын чыгарды
Белгилер:
кызмат, өчүрүү, жазышуу, Telegram

ЭҢ МААНИЛҮҮ