АКШда COVID-19дан каза тапкандардын саны 500 миңден ашып, аза күтүү күнү жарыяланды

© AP Photo / Jae C. HongCOVID-19 каза болгон бейтап. Архив
COVID-19 каза болгон бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
The New York Times басылмасы билдиргендей, коронавирустан каза тапкандардын саны Вьетнам согушунан жана биринчи, экинчи дүйнөлүк согуштан көз жумгандардын санынан ашып кеткен.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. АКШда коронавирустан көз жумгандардын саны жарым миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
АКШ убактысы 0:40ка карата коронавирус аныкталган 500 071 бейтап акка моюн сунган. Муну менен Кошмо Штаттар өлүм учурлары көп катталган өлкөлөрдүн алдыңкы сабына чыккан.
Аталган мамлекетте 28 миллиондон ашык адамга коронавирус жукканы айтылды.
Токиодо коргоочу маска кийген эркектер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталды. Эмнеси менен кооптуу
The New York Times басылмасы билдиргендей, коронавирустан каза тапкандардын саны Вьетнам согушунан жана биринчи, экинчи дүйнөлүк согуштан көз жумгандардын санынан ашып кеткен.
Ардагерлердин иши боюнча министрликтин маалыматына караганда, бул салгылашуулардан 392,3 миң америкалык өмүрү менен кош айтышкан.
Коронавирустун курмандыгы болгон 500 миңден ашык адамды эскерүү иретинде АКШ президенти Жо Байден өлкөдө аза күтүү күнүн жарыялады. Анда беш күн катары менен АКШдагы бардык желектер түшүрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0