Бүгүн Жерге көлөмү стадиондой болгон астероид жакындайт

© Фото / Pixabay / urikyo33Жерге жакындап келе жаткан астероид. Иллюстративдик сүрөт
Жерге жакындап келе жаткан астероид. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Окумуштуулардын эсебине караганда, диаметри 213 метрге жакын 2020 XU6 астероиди планетага төрт миллион чакырым жерге чейин келет.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бүгүн, 22-февралда, Жерге көлөмү стадиондукундай астероид жакындайт. Бул тууралуу НАCА уюмуна шилтеме берип РИА Новости жазды. https://www.jpl.nasa.gov/asteroid-watch/next-five-approaches
Окумуштуулардын эсебине караганда, диаметри 213 метрге жакын 2020 XU6 астероиди планетага төрт миллион чакырым жерге чейин келет.
Ошондой эле бул күнү Жердин жанынан диаметри 23 метрлик 2020 BV9 (5,6 миллион чакырым аралыкта) жана диаметри 40 метрлик 2021 CC5 (6,9 миллион чакырым) астероиди өтөт.
Ал эми жекшемби күнү Жерге жакын аралыкта 2021 DD1 жана 2021 DK1 астероиддери өткөнү айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0