Вирусолог жазында коронавирус боюнча кырдаал кандай болорун боолголоду

© REUTERS / Aly SongУхань шаарынын жашоочулары. Архив
Ухань шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Адис күн жылыганда көп адам сыртка чыгарын айтып, кырдаал жакшырмайынча этият болууну, санитардык талаптарды аткара жүрүүнү эскерткен.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жаздын келиши менен социалдык активдүүлүк жогорулайт. Ал коронавирус менен ооругандардын статистикасына терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Гамелея атындагы борбордун вирусологу Александр Бутенконун айтымына таянып кабарлады.
"Тропикалык өлкөлөрдө дайыма абанын температурасы жогору болуп турат. Ал жакта төрт мезгил жок. Маселен, Бразилия жана Индия. Вирус оорулуу адамдан соо кишиге жакындан байланыш болгондо, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөшкөндө жугат. Ошондуктан бул оору бардык мезгилде эле жүрө берет деп ойлойм", — деген вирусолог.
Бутенко кырдаал жакшырмайынча этият болууну эскерткен. Анын айтымында, мында үч фактор негизги роль ойнойт. Алар: ооруп айыккандан кийин иммунитетти иштеп чыгуу, эмдөө жана санитардык талаптарды аткаруу.
Жаңылыктар түрмөгү
0