18:27 20 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.3366
  • RUB1.1156
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Түндүк атлантикалык альянс структуралык реформаларга камынууда. Алар уюмдун мүчөлөрүнө гана эмес, коңшу мамлекеттерге да таасир этет.

Жо Байден АКШнын президенти болуп шайлангандан бери пландар кеңейгенден кеңейүүдө: жаңы стратегияга Украина, Крым жана Кара деңиз аймагын кошуп жатышат. Дагы бир көздөгөнү – Россия жана Түркияны кайраштыруу. НАТОнун ниеттерине Галия Ибрагимова сереп салган.

Жамааттык коргонуу

НАТО кайда баратат, эмнелерди көздөйт? Ушул суроолорго 17-февралда альянстын коргоо министрлери жооп издей баштайт. Алардын жолугушуусу адатта ар жылкы саммитти утурлай өткөрүлөт. Саммит быйыл март айына белгиленген. Кесиптештер соңку күн тартибин макулдашкан соң уюмдун башкы катчысынын бекитүүсүнө сунушат.

Даярдык тынчсыздануу менен өтүүдө, АКШда президенттик администрациянын алмашуусу өзгөрүүлөр менен коштолчудай. Альянстагылар Америка мурдагыдай эле трансатлантикалык коопсуздуктун негизги кепили экенин жашырышпайт. Ошону менен бирге эле Жо Байден да союздаштарын баалай турганына үмүт артышат. Дональд Трамптын тушундагыдай уюмдун ичинде мамиленин бузулушуна жол бербөө маанилүү экенин кайталашат.

Анын алдында эле португалиялык министр Жоау Гомеш Кравиньу: "Трамптын президенттиги – идеологиялык эксперимент. Анын кесепети дүйнөдө АКШ жана америкалык күчтүн аброюна доо кетирет", – деген. Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын төрагасы Вольфганг Ишингер да унчукпай калбады. Конференция дароо НАТОнун коргоо министрлеринин жолугушуусунан кийин өтмөкчү. Байденден альянс эмнени күтө алары боюнча теманы талкуулоо маалында ал: "Европалыктар өздөрү төрт жылдан соң америкалыктар көз карашы боюнча Трампка окшогон президентти шайласа эмне болот деген суроого жооп бергени маанилүү. Анткен менен Вашингтон союздаштарынын кооптонууларын түшүнөт. Пентагондун жаңы башчысы, генерал Ллойд Остин аларды жооткотууга далалат кылат. "Америка альянстын баалуулуктарына берилген бойдон калат", — деп ынандырат ал.

Атайы Германия жана Франция үчүн Байдендин администрациясы америкалык президенттин альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг менен сүйлөшүүлөрүнүн тасмасын жарыялады. "Жамааттык коргонуу милдеттенмелери боюнча Вашингтон үчүн ыйык", — деп белгиледи Байден сүйлөшүү маалында.

Жаңы президент, эски (мурдагы эле) талаптар

Союздаштары менен болгон мамиледе баарлашуу мүнөзүнүн алмашканы АКШ Трамптын башкы талабынан четтей турганын билдирбейт: альянстын мүчөлөрү коргоо жаатындагы чыгымдарын ИДПнын эки пайызына дейре жеткирүүгө тийиш. Коргоо министрлеринин жолугушуусунда бул орчундуу темалардан.

Бул чекке Германия, Италия жана Испания баары бир жеткен жок. 2024-жылга чейин деле жете алары арсар. Ошентсе да жаңы америкалык администрация буга токтоолук менен карайт.

"Вашингтон 2031-жылга карата аталган өлкөлөр бул көрсөткүчтөргө чейин чыгарын боолголойт", — деп мөөнөттү да белгилеп өттү Пентагондун өкүлү Жон Кирби.

Коргоо чыгымдарынын көбөйтүлүшүнө Столтенберг да үмүткөр. Кай бирине жеңилдик берүүгө ниеттенишпейт: "Альянстын бардык өлкөлөрү, анын ичинде жакында эле кошулган Түндүк Македония үчүн да бул – милдеттүү талап. Эч кандай өткөөл мезгил деген болбойт".

Пентагон жагдайды жылмалоого жана Байден менен Трамптын жамааттык коопсуздук боюнча көз караштарындагы айырмачылыктарды издөөгө аракет кылган.

Америкалык аскерлер АКШнын жаңы президенти бул түшүнүктү башкачараак чечмелейт деген ойдо. Байден үчүн бул аскерий гана эмес, медицина жана жаңы пандемиялардын алдын алуу чыгымдарын да туюндурат. Пентагондун пикиринде, демократтын союздаштарына карата лоялдуу мамилесинин далили — Германиядан аскердик контингентти чыгарууну токтотуу чечими. Анткен менен Берлин башкача көз карашта. ФРГ бийлиги өлкөдө америкалык базаларды сактоо Европаны гана тургай Американы да Россиядан, ошондой эле Жакынкы Чыгыштан да келчү болжолдуу коркунучтан коргой турганын белгилейт.

Түркияны кайтаруу

Коргоо мекемелеринин башчылары жолугушууда өткөн жылдын аягында альянстын талдоочулары тарабынан даярдалган "НАТО — 2030" докладын да талкуулашмакчы. Ошол изилдөөнүн негизинде жакынкы жылдарга карата стратегиясын иштеп чыга башташат.

"Эл аралык жаңы кырдаалга ыңгайлашуусу чоң мааниге ээ. Каатчылыктарда НАТО негизги принциптерди бузуу менен коштолсо да ыкчам жана бирдиктүү аракет этүүгө тийиш", — деп жазылган сунушталган документте.

Докладдын авторлорунун пикиринде, Кытай жана Россия олуттуу коркунуч туудурат. Бирок башка аймактарга да көбүрөөк көңүл бурулган. Альянстын мүчөлөрү Афганистандан америкалык аскерлерди чыгарууга ашыкпоого жана Сирия менен Иракка басым жасоого чакырат.

Жаңы стратегияда Кара деңиз аймагы да өзгөчө каралган. Бул маселеде айрыкча орунда – Түркия, Украина, Грузия. Наточулар Европа жана Америкадагы кырдаалга бул өлкөлөрдүн коопсуздугу түздөн-түз таасир этерин айтышат. НАТО Анкараны трансатлантикалык орбитага кайтарууга кызыкдар экенин документтин авторлору да белгилешет.

АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен алаканы жакшыртууга биринчилерден болуп кадамга барды. Жакында эле Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушолу менен телефон аркылуу Батыш менен Анкаранын мамилесиндеги көйгөйлөрдү талкуулашты. Бирок жылуу баарлашуу деп айтыш кыйын. Чү дегенде эле Блинкен россиялык С-400 ракеталык комплекстен баш тартууну талап кылган.

НАТОнун Крым боюнча күн тартиби

Альянска мүчө-өлкөлөрдүн коргоо министрлери Киевдин жакындагы эле Крымга жакын аба мейкиндигин колдонуу сунушун да талкууга алышат. Кеп Симферополдун учуш маалыматтар районуна кирүүгө мүмкүнчүлүктү альянска берүү демилгеси жөнүндө. Украинанын классификациясы боюнча бул – Херсон областына караштуу аэронавигациялык аймак.

"Биз аба мейкиндигинин бул бөлүгүн аскердик бөлүктөрдү, жабдык жана жүктөрдү ташуу боюнча НАТОнун операциялары үчүн пайдаланууну сунуштайбыз. Россия менен чек араларынын боюндагы кырдаалга байкоо салууда альянстын колдоосуна үмүттөнөбүз", — деп түшүндүрөт украиналык инфраструктура министри Владислав Криклий.

Крымдын Россияга кошулушунан кийин Кара деңиздин үстүндөгү учуштарды башкаруу да экиге бөлүнгөн. Симферополдогу россиялык диспетчерлер жарым аралдын үстүндөгү траффикти тейлейт, ал эми деңиз үстүндөгү эл аралык трассалар мурдагыдай эле Одесса жана Днепрдин диспетчерлеринин көзөмөлүндө.

Крымдын Россиянын курамына киришин тааныгысы келбеген өлкөлөр украиналык диспетчерлердин кызматынан пайдаланышат. Бирок алардын учактары Крымдын аймагынын үстүндө уча алышпайт. Ошентсе да алар жарым аралдын айланасында жана Кара деңиздин акваториясына жакын эркин учуп жүрүшөт.

Крым мындай демилгеге дароо жооп кайтарды. "Жарым аралда НАТОнун эч бир учагы учпайт", — деп билдирди Крымдан шайланган Мамдуманын депутаты Михаил Шеремет.

Тынчы жок Кавказ

"Кара деңиз маселеси НАТОнун күн тартибиндеги Украинага байланыштуу эмес, Кавказда Россиянын таасири күчөп бараткандыгынан улам пайда болгон, — деп боолголойт РСМД башкы директору Андрей Кортунов. — Тоолуу Карабахтын аймагына россиялык тынчтык орнотуучулардын кириши альянсты тынчсыздандырды. Москванын келишин алар түз чакырык катары карашат".

Украина үчүн Кара деңиз темасын козгоо – дүйнөгө өзүн эске салып коюуга шылтоо. Ошону менен бирге эле эксперттин жоромолунда Крымда россиялык аскердик контингентти көбөйтүүнү Киев мындан ары өз коопсуздугуна олуттуу коркунуч катары көрсөтө берет.

"Украина жарым аралдагы курулуш боюнча көптөн бери санааркап, коңгуроо кагып келет. Ал аймакта жай эмес, аскердик объектилердин пайда болорун божомолдойт. Муну "россиялык коркунуч катары" көрсөтөрү турулуу иш, — деп ой толгойт Кортунов.

Мүчөлүктүн артыкчылыктары

Крым көйгөйү — маанилүү, бирок Кара деңизде НАТОну күчтөндүрүү аракетинин жалгыз максаты бул эмес деген ойдо Анкарадагы Саясий изилдөөлөр борборунун эксперти Орхан Гафарлы.

"Түркияны кайтаруу үчүн альянстын Кара деңизде бекем орун алышы абзел. Ушул тапта НАТО жана Анкара бир топ маселе боюнча эки ача пикирде. Бирок эки тарап тең кызматташуу керектигин жакшы түшүнүшөт", – дейт ал.

Гафарлынын баамында НАТОго мүчөлүктү сактоого өтүнүч түркиялык коомчулукта да жок эмес. "Бул бир далай мүмкүнчүлүктөрдү сунат. Альянс болбосо Эрдоган үчүн Ливия же Сирия жаңжалына кийлигишүүсүн негиздеп берүү кыйынга турмак", – деген оюн айтат серепчи.

Дагы бир артыкчылык катары ал НАТОнун Түркия жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнө өз ара карама-каршылыктарды жайгарууга мүмкүндүк берерин белгилейт. Ошол эле убакта Анкарага Греция, Кипр же Франциянын Түркияга каршы өңүттөгү аракеттерин бөгөттөөгө көмөк берет.

Альянстын салыштырмалуу түрдө жаңы максаты — Түркия менен Россиянын мындан аркы жакындашына кедерги болуу. Бирок эки өлкөнү байланыштырып турган нерселер арбын, ошондуктан эксперт НАТОнун бул ниетинин ишке ашарынан күмөнсүнөт.

Тема боюнча

Кара деңизде "Дональд Куктун" көздөгөнү эмне? Америкалык эсминецтин "кыйрашы"
Белгилер:
байланыш, Кипр, Греция, Түркия, коркунучтар, Россия, Крым, НАТО, Жо Байден

ЭҢ МААНИЛҮҮ