АКШнын түштүгүндө катуу бороондон 20дан ашык киши каза тапты

© AP Photo / Charles Rex ArbogastКишилер эшикте катуу бороондон кийин
Кишилер эшикте катуу бороондон кийин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Метеорологдордун айтымында, шаршемби күнү кечинде бороондун мизи кайткан. Бирок кооптуу абал дагы бир нече күнгө созулмакчы. Учурда АКШнын 71 пайызы калың кардын алдында калганы айтылууда.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. АКШнын түштүгүндөгү штаттарда болгон бороон-чапкын 20дан ашык кишинин өмүрүн алды. Мындан тышкары, миллиондогон адамдар жарыксыз калды. Бул тууралуу ВВС жазды.
Көбүнесе Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарынын тургундары өздөрү үчүн көнүмүш эмес аба ырайына байланыштуу ар кандай кырсыктан жана сууктан улам каза тапкан.
Анкарада кар жаап жаткан учурда аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Стамбул менен Анкарада бурганактаган кардан улам учактар кечигип учууда
Мындан тышкары, жылынуу үчүн электр энергиясы нормадан ашык пайдаланылып, жабдуулар иштен чыккан.
Метеорологдордун айтымында, шаршемби күнү кечинде бороондун мизи кайткан. Бирок кооптуу абал дагы бир нече күнгө созулмакчы. Учурда АКШнын 71 пайызы калың кардын алдында калганы айтылууда.
Айрым интернет колдонуучулар социалдык тармактарга үйүндө суу, жарык жок экенин, кичине балдар суукка тоңо баштаганын жазышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0