Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат

© AFP / STRЯнцзы дарыясынын жээгинде балык уулап жаткан адам. Архив
Янцзы дарыясынын жээгинде балык уулап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Адаттан тыш ысык Кытайдын түштүк-чыгышында күтүлүүдө, анда күндүз абанын максималдуу температурасы 3,2 градуска көтөрүлөт.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Алдыдагы отуз жыл ичинде парник газдарынан чыккан калдыктардын абага тарашы Кытайда температуранын кескин жогорулашына алып келип, табигый кырсыктарды шарттайт. Мындай тыянакка Улуу Британиянын Рединг университетинин жана Кытай Илимдер академиясынын окумуштуулары келгенин Phys.org журналы жазды.
Күндөн жашынып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2019
Сездиңиз беле? NASA эң ысык төрт жыл жана аптаптын кесепети тууралуу
Мындай ысык аба ырайы соңку он жылдыктагы абалга салыштырмалуу кескин өзгөрүүнү билдирет. Ошондой эле жыл сайын өзгөрүлүп турган температурадан беш эсе жогору болот. Абанын температурасы Кытайда күндүз 2,1 градуска, түнкүсүн 2,3 градуска көтөрүлүп, жыл аралык өзгөрүүлөрдөн эки эсеге көбөйөт.
"Бир караганда эки градус маани бербей турган көрүнүштөй сезилет. Бирок бул жерде абанын температурасынын ысып кетиши жөнүндө сөз болуп жатат. Ал ысыктын табы бүгүнкү күндөгү жыл арасында өзгөрүлүп турган температурадан беш эсе жогору болот. Адаттан тыш ысык Кытайдын түштүк-чыгышында күтүлүүдө, анда күндүз абанын максималдуу температурасы 3,2 градуска көтөрүлөт. Абанын кескин ысып кетүүсү климаттык катастрофаны шарттайт деп айтууга болот", — деп белгилешти британиялык изилдөөчүлөр.
Илимпоздор кошумчалагандай, эгер Кытай абага ыргытылган зыяндуу заттардын санын кыскартса да күн тез арада эле салкындап кетпейт. Адегенде күн нурларын чагылдырган атмосфера бөлүкчөлөрүнүн концентрациясынын төмөндөшүнөн улам аба кыска мөөнөткө жылыйт. Бирок бара-бара абага ыргытылган зыяндуу заттардын көлөмү азайса, анда температура түшөрү болжолдонуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0