Ким Чен Ындын жубайы бир жылдан бери алгачкы жолу эл алдына чыкты

© REUTERS / KCNAТүндүк Корянын лидери Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менене
Түндүк Корянын лидери Ким Чен Ын жубайы Ли Соль Чжу менене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, жубайлар мурдагы лидер Ким Чен Ирдин туулган күнүнө арналган концертке чогуу барышты.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Түндүк Корянын лидери Ким Чен Ындын жубайы Ли Соль Чжу бир жылдан бери эл алдына биринчи жолу чыкты. Бул тууралуу Кореянын борбордук телеграфтык агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жубайлар мурдагы лидер Ким Чен Ирдин туулган күнүнө арналган концертке чогуу барышты.
Буга чейин алар 2020-жылдын 25-январында жаңы жылдык кечеге катышуу үчүн Пхеньяндагы театрда болушканы маалым.
Кара тумакчан Ким Чен Ын, какайган аскерлер. Кореядагы аскердик параддын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2021
Кара тумакчан Ким Чен Ын, какайган аскерлер. Кореядагы аскердик параддын видеосу
Дүйнөлүк ЖМКлардын жазганына караганда, биринчи айымдын көрүнбөй кетишине, биринчиден, жолдошунун ооруп жаткан эжеси Ким Гөн Хиге кам көрүп жатканы себеп болушу мүмкүн. Экинчиден, өзүнүн ден соолугу солгундап же коронавирустан коргонуп, эл көп чогулган жерлерге чыкпай жаткандыр деп божомолдошкон.
Ал эми былтыркы жылдын аягында айрым басылмалар Ким Чен Ын кайрадан эл алдына мурдагы сүйүктүүсү деп айтылып жүргөн ырчы Хөн Сон Воль менен чыга баштаганын жазып чыккан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0