Стамбул менен Анкарада бурганактаган кардан улам учактар кечигип учууда

© AP Photo / Burhan OzbiliciАнкарада кар жаап жаткан учурда аял
Анкарада кар жаап жаткан учурда аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, Түркиянын борбордук бөлүгү менен Стамбул шаарында мындай аба ырайы беш күнгө созулушу күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Түркиянын түндүк-батышында бурганактаган кардан улам Анкара жана Стамбул шаарларында бир нече чакырымга созулган автоунаа тыгыны жаралып, аэропорттордун ичинде кыйынчылыктар пайда болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Дүйшөмбү күнү жааган кар Стамбул шаарынын жашоосун татаалдаштырды. Бир нече чакырымга созулган жол тыгындары пайда болуп, билим берүү мекемелеринде окуу убактылуу токтотулду", — деп айтылат кабарда.
Күндүн чыгышы. Архи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Күн жылый баштайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Ушундай эле абал Анкара шаарында дагы жаралып, жол кырсыктарынын саны кескин өскөнү байкалууда.
Ушу тапта аталган эки шаарда тең аэропорттор штаттык режимде иштеп жатат. Бирок айрым каттамдар кечигип жатканы айтылууда.
Синоптиктердин маалыматына караганда, Түркиянын борбордук бөлүгү менен Стамбул шаарында мындай аба ырайы беш күнгө созулушу күтүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0