Өңдүн кубарып кетиши өлүмгө кептечү оорудан кабар бериши мүмкүн

© Фото / Pixabay/ miapowterrУход за кожей
Уход за кожей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, ичеги рагына кабылган учурда адамдын өңү эле кубарып кетпестен, заңы менен кошо кан да чыгып, ичеги-карындын иштөөсү бузулат.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар адамдын өңүнүн кубарып кетиши ичеги рагынын өрчүп жатканынан кабар бериши мүмкүн экенин айтышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Анара Калиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Радио
Калиева: тамеки рактын 15 түрүн пайда кылат
Адамдын каны аз болгон учурда дагы өңү кубарышы мүмкүн экендиги маалым болду.
Дарыгерлердин айтымында, ичеги рагына кабылган учурда адамдын өңү эле кубарып кетпестен, заңы менен кошо кан да чыгып, ичеги-карындын иштөөсү бузулат. Ошондой эле ичтин ылдый жагы тынбай оорутат. Медиктер эгер ушул белгилердин бири эле үч жумадан ашык кетпей коштосо, анда дарыгерге барып көрүнүүнү сунуш кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0