Европа — Россия мамилеси: Боррелдин сапары алдын ала чалгындоо беле?

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүВстреча главы МИД РФ С. Лаврова и верховного представителя ЕС Ж. Борреля
Встреча главы МИД РФ С. Лаврова и верховного представителя ЕС Ж. Борреля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Февраль Европа үчүн "аптаптуу" болду. Брюссель Россияга кандай мамиле кыларын аныктай албай түйшөлүп, ал эми Берлинде улуттук сыймык баалуубу же россиялык газбы, Навальныйдын элесиби же америкалык президенттин алдында ийилүүбү деген талкуу жүрүүдө.
Европалык дипломатия башчысынын РФке болгон сапары биримдикти бир катар жаңжалдарга кептеди. Серепчи Павел Данилин ЕБдеги акыркы абалга байкоо салган.
Өткөн аптада Москвага келген Европа биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин мекенине кайтышы бир катар жагымсыз билдирүүлөр менен коштолду. Россияга карата жаңы санкцияларды демилгелөөнү убада кылып, бул маселе ЕБ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынында 22-февралда каралмакчы.
Андан кийин Европарламенттин пленардык жыйынында сүйлөп жатып Боррель Россия "үмүттөрдү актаган жок" жана "заманбап демократияга айлана албады" деп билдирди.
Европалык бюрократтын нааразычылыгынын негизги себеби таарынычтардан улам болгону түшүнүктүү. Анткени алдамчылыкка айыпталып камакка алынган Навальный менен жолугушууга уруксат берилбеди, ошондой эле испаниялык карыянын аны бошотуу өтүнүчү аткарылбады.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Лавров: Москва Европа биримдиги менен мамилесин үзүп коюуга даяр
Кремль андай асылууларга тез жана кыйла катаал жооп кайтарды. Боррелдин билдирүүсү боюнча: "Биздеги маалыматка караганда, Москвада сүйлөшүүлөр Европада айтылган темадан да алда канча маңыздуу өткөн", — деди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Навальныйды колдонуу менен Москванын кыжырына тийүү аракетинен майнап чыкпады. Россиянын жетекчилиги европалык аткаминерлерге ылайыкташпады, РФ менен ЕБдин ортосундагы өз ара мамиледеги көйгөй жоктой түр көрсөтпөдү. Баары болушунча ачык өткөн. Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров европалык дипломатиянын өкүлүнө Европа биримдиги ынанымсыз өнөктөш экенин бетке айтты. Ага жооп иретинде ЕБ "Навальныйдын командасын колдой турганы" айтылды.
Мындай сапардан кайткан Боррель ар тараптан талоонго калды. Бир жагынан дипломаттын ишине Европарламентте ага тоскоолдуктарды жараткан радикалдардын ичи чыккан жок. Экинчи тарабынан Россия менен тирешүүдөн чарчаган европалык саясатчылар да Боррелге нааразы болушту. Буга Герхард Шредер, Франк-Вальтер Штайнмайер жана Хайко Маастын сөздөрүн мисал келтирүүгө болот. Алардын баары Москванын кыжырына тийүү аракети геосаясий кырсыкка алып келерин билдиришти.
Белгилүү болгондой, саясат – экономиканын уландысы. Боррелдин Москвага болгон сапарын дал ушул өңүттөн караган оң. Навальныйдын иши өңдүү эле европалык аткаминердин сапары — "Түндүк агым – 2" долбоорунун айланасындагы эл аралык жаңжалдын уландысындай болуп калды. Кыскача эске салсак, "Түндүк агым – 2" — Россиядан Балтий деңизи аркылуу Германияга чейинки 1234 чакырымдык узундукта (эки линия боюнча – 2468 чакырым) курулуп жаткан магистралдык газ түтүгү, "Түндүк агым" газ түтүгүнүн кеңейтилиши болуп саналат. Ал беш өлкөнүн, атап айтсак, Германия, Дания, Россия, Финляндия жана Швециянын территориалдык суулары жана экономикалык аймактары гана аркылуу өтөт.
Россиялык тилке үчүн түтүктүн узундугу 118 чакырымга, фин тилкеси — 374, швед тилкеси — 510 чакырым, даниялык тилке — 147 чакырым, ал эми германиялык тилке үчүн 85 чакырымга созулат.
Россиянын тышкы иштер минитри Сергей Лавров Евродипломатия башчысы Жозеп Боррел менен жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Европа Россия менен алакасын туңгуюкка кептеди. Андан өзү жабыр тартууда
Долбоорго далай жолу тоскоол этүүгө аракет кылышкан, бирок ал азыр бүтө жаздап калды. Кыязы бул океан ар жагындагыларга жакпай калды өңдөнөт. Аларды ушунчалык санаага салганын мындан билиңиз, 2019-жылы АКШ сенатынын куралдуу күчтөрүнүн комитети 2020-жылга аскердик бюджетинин долбоорун жарыялаган. Анда россиялык энергетикага карата санкциялар каралган. Алардын бутасында – дал "Түндүк агым – 2" долбоору. Санкцияга россиялык газ түтүгүн койгон чет элдик кемелер да кабылган. Анткен менен Кошмо Штаттардын бул багыттагы көз карашы Европада кеңири колдоого татыган жок. Айрыкча россиялык газга негизги кызыкдар тарап болгон Германия буга макул эмес.
Америкалык санкциялар киргизилгенден кийин, тагыраак, 2020-жылдын 11-январында РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен маалымат жыйынында Германиянын канцлери Ангела Меркель "Берлин "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы санкцияларды четке кагарын, долбоор "коммерциялык" жана "туура" экенин белгилеп, "аны бүтүрүү зарыл" деп билдирген.
Американын кысымы жана алардын "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы антироссиялык санкцияларга кошулуу талабы – эконокамикадан тышкаркы каражаттар менен жүргүзүлгөн атаандаштык күрөштүн бөлүгү гана экенин немецтер жакшы түшүнөт. Кошмо Штаттар россиялык газды европалык рыноктон сүрүп чыгарып, өздөрүндө өндүрүлгөн суюлтулган газды сатууга даяр. Анын кымбатыраак болору баарына белгилүү, бирок бул ойдун демилгечилеринин пикиринде, Европа Кремль тараптан "газ шантажынан" кутулат. Ошону менен бирге эле америкалыктар Россиянын өзүндө "демократиялык баалуулуктардын коргоочусу" катары көрүнүшөт.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Захарова: Евробиримдик Россиянын "абийирин төгө албай калды"
АКШ кайсы шантаж тууралуу айтып жатканы түшүнүксүз, анткени "Газпром" Батыштагы өнөктөштөрүнүн алдындагы өз милдеттенмелерин так, өз убагында, бардык мыйзамдарды жана рынок экономикасынын эрежелерин сактоо менен аткарат. Океан ар жагындагы өнөктөштөрүнүн Берлинди кысмакка алуу боюнча көптөгөн аракеттерине карабастан, былтыр германиялык тараптын позициясы анчалык деле өзгөргөн эмес. Мурдагы немец аткаминерлери бул биргелешкен газ долбоору экономикалык долбоор болуп саналарын баса белгилеп, буга Европа өз саясатын аралаштырууга ниеттенбегенин айтышкан. Бирок күздөн тарта Россияга чабуул күч алып барат. Санкция коркунучунан сырткары "оор артиллерияны" багытташты, анын бир дүрмөтү Навальный иши болду. Кезектеги снаряды – Боррелдин Москвага болгон сапары. Бул визитти Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө жана анын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратуу боюнча АКШнын аракеттеринин жалпы өңүтүндө кароо керек. Европада америкалык кызыкчылыктарды коргогон бир далай саясатчы бар. Арасында РФти ийкемдүү кылууга, бардык ыкмалар менен мажбурлоого даярлары да жок эмес. Алексей Навальныйдын окуясы европалык бюрократтардын ушундай тобуна кысым көрсөтүп жана соодалашмай үчүн ыңгайлуу шылтоодой көрүнгөн. Ага Москва кескин жооп кайтарып, Навальныйдын тегерегиндеги окуялар Россиянын ички иши экенин, ушул нукта сырттан көрсөтүлгөн кысымга жол берилбестигин билдирди. Дегеле бул маселеге газ келишимдеринин кандай тиешеси бар? Антсе да Боррелдин сапары "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген макалды тастыктады. Жакында эле газ түтүгүнүн даниялык тилкесин бүткөрүү мөөнөтү ачыкталды. Тийиштүү маалымат Дания деңиз башкармалыгынын сайтында деңизде сүзүүчүлөр үчүн жарыяланган кулактандырууда айтылат.
Январь айында башталган "Түндүк агым – 2" газ түтүгүнүн Даниядагы тилкесиндеги курулушу быйыл апрелде аяктоого тийиш. Ал эми бундестагда Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас Россияга жаалданган парламентарийлерге газ түтүгүнөн баш тартуу геостратегиялык жактан бүлгүн саларын, андан Германиянын атаандаштары пайдаланып кетерин түшүндүрдү.
"Бизден бул курулушту токтотууну талап кылган мамлекеттер бар, ошол эле учурда өздөрү Россиядан газ импорттоону жогорулатууда", — деп белгилейт ал. Долбоор ишке ашырыларына ФРГнын вице-канцлери Олаф Шольц да, Австриянын канцлери Себастьян Курц да көзү жетерин айтышты. Ошентип Боррелдин сапары Евробиримдикте русофобиянын жаңы толкунун жанданта алган жок. Бирок бул алдын ала чалгындоо деп да баалоого болот. 22-февралда Европа биримдигинин ТИМ башчыларынын жолугушуусунда Москваны бардыгына айыптап, марттагы саммитте келишимдерди бекитүүгө тырышат.
Берлиндеги Аренадагы эмдөө борборунун алдында кезекте турган беткапчан кишилерди полиция кызматкерлери карап турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Батыш вакцина үчүн күрөшүүгө даяр
Кремлдин ырааттуу катаал позициясы гана батыштагы өнөктөштөрүнө реалдуу коркунучка олуттуу кароого мүмкүндүк берет. Ансыз да муну көптөгөн немец саясатчылары эскертип келе жатпайбы. Европа өлкөлөрү менен РФтин алакасы көптөн бери мынчалык төмөн деңгээлге түшө элек болчу. 1922-жылдагы Раппалого чейинки абалдан түзүгүрөөк, бирок 1975-жылы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык жыйынынан кийинки деңгээлден начар. Экономика менен географияны эч ким, ал түгүл Брюсселдеги аткаминерлер да жокко чыгара алышпайт.
Россия жана Европа коңшу бойдон калышат, ошондуктан экономикалык байланыштарын үзүп салууга болбойт. Андай көрүнүш кансыз согуш доорунда РФтин коңшуларынын эң катаал тирешинде да орун алган эмес. Саясат экономикалык байланыштарга таасир этет, бирок "битке өчөшүп, көйнөгүн отко салуу" принциби боюнча инфантилдик саясат адатта олуттуу мамлекет жана саясатчыларга мүнөздүү эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0