Жылуу мамилени сактоо аракети. Шредер немецтерге согуш тууралуу эскертти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГерманиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер. Архив
Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
"Өз тарыхыбыздан билгендей, Россия менен мамилебиз жылуу кезде бул континентте тынчтык өкүм сүргөн. Алака башкача кезде тынчтыктан кол жууганбыз", — деди Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шредер бул апта башында.
Анан калса, ошол эле күнү Брюсселде Европарламенттин депутаттары Жозеп Боррелдин Москвага “мезгилсиз” сапарынан улам чуу көтөрдү. Негизинен аны чыгыш европалык өкүлдөр зекип турду, болбосо ал киши Шредер айтып турган нерсени гана коргогон.
Боррель Европа үчүн тарыхый тандоо тууралуу: "Биз Россия менен мамилебиздин тарыхый чагында турабыз. Азыркы тандообуз бул кылымдагы эл аралык кыймылды аныктайт: Европа биримдиги Россия менен мамиледе көбүрөөк жамааттык нукта жылабы же поляризацияланган үлгүдө кетеби, ачык жана жабык коомго негизделеби?" – деди.
Боррель кайрылган Европарламенттин депутаттары камырабай деле койсо болот, анткени тандоо аларга түшкөн вазийпа эмес экени анык. ЕБ саясаты көбүнесе немец (жарым-жартылай француз) добушуна жараша. Ошондуктан Россия үчүн биринчи кезекте Берлинде айтылган кепке көңүл бурат. Ал эми ал жакта кыйла олуттуу күрөш жүрүүдө. Быйыл Германияда бийлик алмашат. Меркель кетет,муну менен эле анын доору бүтүп калбайт. Тандоону создуктурууга мүмкүн болгон маал да аяктайт. Дал ушул себептен кырдаал кызып турган убак.
Россиянын тышкы иштер минитри Сергей Лавров Евродипломатия башчысы Жозеп Боррел менен жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Европа Россия менен алакасын туңгуюкка кептеди. Андан өзү жабыр тартууда
Меркелден мурунку канцлер Шредер жагдайды жакшы түшүнгөндүктөн, Россия менен мамилени коргоодо так кесе аргументтерди келтирип, согуш менен тынчтыктан кеп козгоп туру. Ал бардык европалыктарга, эң оболу немецтерге, немец элитасына төмөнкүчө кайрылат: "Германиянын тегерегинде бирдиктүү Европа курууну каалайсыңарбы? Анда немец тарыхына бир кайрылгыла, Россия менен кандай алака түзүү керектигинен күмөн саноо калбайт".
Шредер жөнөкөйлөтүү менен акыркы жарым кылымдагы үч биригүүнүн экөө үчүн Германия Россияга милдеттүү деп да кое алмак. Ооба, немецтер өткөн айда Экинчи рейхтин 150 жылдык мааракесин белгилешти, бирок Бисмарктын немецтердин жерлерин бириктирүү боюнча пландары Россия империясы каршы чыкканда эч качан ишке ашмак эмес. Андан 40 жыл өтүп немецтер менен орустарды Биринчи дүйнөлүк согушта эрмектешкен, бул окуя эки империяны тең кыйраткан.
Немец жерлеринин кийинки биригүүсү Гитлердин тушунда жүргөн (ошол убакта Европанын германиялык өзөктүн тегерегинде чогулуусу башталган), анын кесепети рейхтин Чыгышка агрессиясы, Россияга кол салышы болгон. Германия үчүн аягы жаман бүткөн, жеңүүчүлөр аны экиге бөлгөн. Ошондон соң анын батыш бөлүгү атлантикалык чөлкөмгө ыктап, бирдиктүү Батыш Европасын түзө баштаган. Бирок немец коомунун каймактары ал кезде антироссиялык тосмого жол бербестен Москва менен алакасын оңдоо зарылдыгын аңдаган.
Германиянын үчүнчү ирет биригүүсү СССРдин кризиси жана кулашынан кийин, бирок ал атлантисттердин тилегине карабай орустардын демилгеси менен ишке ашкан. Анткени алар ФРГ күчтөнүп, Россия тарапка ооп же НАТОдон чыгып кетишинен чочулашкан. Германиялык улуттук кызыкчылыктарды маанилүү деп санаган ар бир немец өз өлкөсү үчүн Россия менен мамиленин маңызын түшүнбөй кое албайт.
Шредер айдан ачык нерселерди эле түшүндүрүүгө эмне үчүн аргасыз? Анткени көпчүлүк немецтер улуттук аң-сезимден оолак, алар англосакстар түптөгөн идеологиялык катехизис менен тарбиялангандыктан улуттук кызыкчылык тууралуу ооз ачуудан да чочулашат.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Захарова: Евробиримдик Россиянын "абийирин төгө албай калды"
Алар болгону европалык экени үчүн сыймыктанып, жалпы европалык кызыкчылыктарды коргой алышат. Анан да европалык дегендери – атлантикалык духта атайын окутулуп, өстүрүлгөн адамдар. Дүйнөнүн бул картинасында Россияны кооптуу, кадамын болжоп болгус агрессивдүү коңшу катары көрсөтүшкөнүнө ушул себептен таң калып болбойт.
Айрыкча немец элитасына муну узак убакыт бою окутуп келишти. Аткен менен пропаганданын таасири жыл өткөн сайын басаңдоодо, коомдук пикирди сурамжылоолорду карай турган болсок, Кошмо Штаттар менен тыгыз союзга караганда Россия менен дурус мамиледе болууну жактагандар көбүрөөк.
АКШдан көңүл калуусу бир топ жылдан бери уланып келген, Трамптын тушунда ого бетер күч алды. Буга атлантисттердин – АКШга бекем ыктоонун тарапташтары өз салымын кошкон, себеби алар америкалык кесиптештери да төрт жыл бою Трампты болгон күчү менен тилдеп келүүгө аргасыз болду. Бирок Трампты кызматтан алып тынышты, ал эми бирдиктүү Батышты кайра бириктирип болбойт. Немецтердин көпчүлүгү Америка менен болгон союздун келечегине ынанбайт, Кытай менен болгон жаңжалда аны жактагысы жок.
Германия чындап тарыхый тандоо алдында турат, атлантикалык чөлкөмдөн жүзүн буруп, өз келечеги жана Европа үчүн жоопкерчиликти колго алууга тийиш. Тандоодон баш тартып, убакытты созуп, бурулуп кетүүгө эми болбой калды. Германия каймактары (көп бөлүгү) шайлоочуларынын маанайын түшүнүп турат. Ошондуктан сентябрдагы шайлоого чейин жана андан көп өтпөй жаңы коалиция жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө германиялык элита чындык менен бет келишет.
Канцлердик кызматка негизги эки талапкер да ири эки немец жеринин премьер-министрлери, атап айтсак, Түндүк Рейн – Вестфалиядан Армин Лашет жана Бавариядан Маркус Зедер.
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Европа биримдиги "Спутник V" вакцинасын каттоо боюнча арызды кабыл алды
Алардын кимиси канцлердик тактыга келери азырынча анык эмес, бирок башкаруучу коалицияга дагы кайсы партия (же партиялар) кирери принципиалдуу маселе. Жаңы германиялык министрлер кабинетинин өз алдынчалык деңгээли дал ошого жараша.
Армин Лашет да, Маркус Зедер да Европа жана дүйнөдө немецтердин кызыкчылыгын коргоого ниеттенет, бирок коалициялык өнөктөштөрүнүн эсебинен өз алдынчалыгы чектелүү болушу мүмкүн. Бирок жаңы германиялык башкаруучу коалициянын курамы кандай болсо да Россия менен келечектеги алакасы жөнүндө тарыхый чечим кабыл алууга туура келет. Германиянын жакынкы он жылдыктардагы тагдыры дал ошого жараша.
Россиясыз же Россияга каршы Германия Европанын башын кошо албайт, ал эми евроинтеграциядан артка кетүү аталган мамлекеттин өзүнө чоң көйгөйлөрдү жаратат. Россия эч кимди чочулаткысы жок, Герхард Шредер сымал эле немецтерге өз тарыхына бир кылчайып коюуну эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0