Төрөгөн эгиздерим чарчап калды деп ордуна куурчак ороп... Дагестандагы окуя

© Фото / Pixabay / AnKaliЫмыркайдын курчагы. Архив
Ымыркайдын курчагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Келин Ставрополь шаарындагы перинаталдык борбордо төрөгөнүн, бирок ымыркайлар чарчап калганын айткан. Кийин алардын сөөгүн жашыруу үчүн күйөөсү үйүнө алып кеткен.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Дагестандык келин күйөөсүн кош бойлуумун деп алдап, кийин "эгиз балдардын" ордуна куурчактарды ороп койгон. Окуянын чоо-жайын жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, келин Ставрополь шаарындагы перинаталдык борбордо төрөгөнүн, бирок ымыркайлар чарчап калганын айткан. Кийин алардын сөөгүн жашыруу үчүн күйөөсү үйүнө алып кеткен.
Качан гана алардын сөөгүн жерге берерде оромолдун ичинде бала эмес, куурчактар экени билинген. Ошондой кийин гана келин төрөбөгөнүн мойнуна алып, боюнда болбой жаткандыгы үчүн күйөөсүн капаланткысы келбегенин айткан.
"Келинимдин акыл-эси жайында, жакшынакай эле адам экенин билем. Мен дагы үч баланы төрөгөн аял катары баары жасалма экенин билбей калганыма таң калып турам. Мага түйүлдүк кыймылдап жатканын көп айтчу. Бирок ал бизде өлгөн кишини көмөрдө бетин ачып коюу салтыбыз бар экенин билбесе керек", — деген аялдын кайненеси.
Маалыматта мындан кийин үй-бүлө кандай чечим кабыл алганы айтылган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0