Техаста жүздөй автоунаа кагышкан кырсыктан 5 киши каза тапты. Видео

© REUTERS / NBC5АКШнын Техас штатында жол кырсыгы
АКШнын Техас штатында жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Полициянын маалыматына ылайык, кырсыктын чыгышына жолдун тайгагы себеп болгон. Окуя катталган трасса эки тарабынан тең жабылганы айтылды.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. АКШнын Техас штатында жүздөй автоунаа кагылышкан жол кырсыгында беш киши каза болуп, дагы 36 адам жаракат алды. Бул тууралуу Dallas Morning News маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.
Полициянын маалыматына ылайык, кырсыктын чыгышына жолдун тайгагы себеп болгон.
​Аймактагы Тез жардам кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Мэтт Завадскинин айтымында, бир канча адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Дагы көптөгөн адамдар ар кандай жаракаттарды алышкан.
Кырсык катталган трасса эки тарабынан тең жабылганы белгилүү болду. 
Жаңылыктар түрмөгү
0