Си Цзиньпин: АКШ менен Кытайдын кагылышуусу ааламга апаат алып келет

© AFP / NOEL CELISКытай лидери Си Цзиньпин. Архив
Кытай лидери Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын жаңы президенти Жо Байден менен алгачкы жолу телефон аркылуу сүйлөштү.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кытай менен АКШнын кагылышуусу бүткүл дүйнөгө катастрофа алып келет. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзиньпин АКШнын президенти Жо Байден менен алгачкы жолу телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.
"Кытай менен АКШнын кызматташуудан башка аргасы жок. Эки өлкөнүн араздашуусу бүткүл дүйнөгө катастрофа алып келет. Андыктан Пекин менен Вашингтон Азия-Тынч океан регионунда тынчтык менен туруктуулукту биргеликте сакташы керек", — деди Си Цзиньпин.
Ал эми Байден Пекиндин аракеттерине тынчсызданып, АКШнын кызыкчылыктарын коргой турганын билдирди.
АКШнын президенти Жозеф Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Үй-бүлөмөн бирөө да мамлекеттик ишке аралашпайт! АКШ президенти Байдендин убадасы
"Президент Байден Пекиндин экономикалык жактан мажбурлоо саясатына башынан эле тынчсызданарын айтты. Ошондой эле Гонконгдогу куугунтук, Синьцзяндеги адам укуктарынын бузулушу жана Тайвань маселеси ойлондурары кошумчаланды", — деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.
Буга Кытай башчысы Тайвань, Гонконг жана Синьцзян маселеси Кытайдын ички иши экенин жана АКШ анын кызыкчылыктарын сыйлашы керектиги айтып, жооп кайтарды.
Кытай тараптын билдирүүсүнө караганда, эки лидер тең бул сүйлөшүү бүткүл дүйнөгө позитивдүү белги берди деп эсептөөдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0