ЖМК: Twitter социалдык тармагын акы төлөнүүчү кылууну пландап жатат

© REUTERS / Kacper Pempel / Illustration / File PhotoTwitter логотиби. Архив
Twitter логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Компания сервисти монетизациялоо жолдорун жана акы төлөнүүчү опцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Twitter социалдык тармагын жарым-жартылай акы төлөнүүчү кылууну пландап жатат. Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды.
Агенттиктин маалыматына караганда, компания сервисти монетизациялоо жолдорун жана акы төлөнүүчү опцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Биринчи кезекте бир нече аккаунт менен иштөөгө шарт түзгөн Tweetdeck сервисин акы төлөнүүчү кылуу пландалууда.
"Видеону жакшы сапатта жүктөө, жарнамадан баш тартуу жана терең аналитика, кат жөнөтүү функциясын жокко чыгаруу, профилди персонализациялоо, кеңейтилген тескөө сыяктуу кызматтары үчүн акы төлөнүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Twitter монетизация системасын качан ишке киргизери азырынча белгисиз. Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, инвесторлор бул сунушка жооп берише элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0