Индиядагы мөңгүнүн көчүшүнөн каза болгондор 14кө жетти. Кырсыктын видеосу

© REUTERS / STRINGERИндиянын Уттаракханд штатындагы мөңгүнүн козголушу
Индиянын Уттаракханд штатындагы мөңгүнүн козголушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Учурда издөө иштерин улуттук жана жергиликтүү куткаруучулар, Индо-тибет полициясы жана аскерлер жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 8-фев. – Sputnik. Индиянын Уттаракханд штатындагы мөңгүнүн козголушунан каза болгондордун саны 14кө жетти. Бул тууралуу Чамоли округунун полициясына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жаратылыш кырсыгы 7-февралда болуп, 150 киши дайынсыз жоголгон.
"Учурда туннелде калып кеткендерди куткаруу иштери уланып жатат. 15 киши тирүү табылды. Тилекке каршы, каза болгондор дагы бар. Ар кайсы жерден 14 адамдын сөөгү табылды", — деп полиция Twitter каналы аркылуу жарыялаган.
Ишкер шахтада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Кадамжайда эски шахтадан өрт чыгып, 200дөй кой-эчки куйкаланып калды
Маалыматка караганда, мөңгүнүн чоң-чоң бөлүктөрү Алакнанда жана Дхаулиганга дарыяларына түшкөн. Жыйынтыгында андагы суу көтөрүлүп, ылдый жакта жайгашкан Сринагар, Ришикеш жана Харидвар гидроэлектр станцияларына коркунуч жараткан. Дал ошол маалда алар суу сактагычтардагы сууларды шашылыш түрдө агызууга аргасыз болушкан.
Учурда издөө иштерин улуттук жана жергиликтүү куткаруучулар, Индо-тибет полициясы жана аскерлер жүргүзүп жатат.
Куткаруучулар "Тапован" гидроэлектр станциясын куруп жаткан 15 кишини туннелден алып чыгышкан. Азыркы тапта дагы бир туннелден жумушчуларды куткаруу аракети жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, анда 30-35 адам бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0