Польшада кош бойлуулар барып ыйлап алчу бөлмөлөрдү ачуу сунушталды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүАкция против запрета абортов в Варшаве
Акция против запрета абортов в Варшаве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Мындай жол менен өлкө бийлиги бойдон алдырууга тыюу салган мыйзам күчүнө киргенден кийин аборт кылдыра албай калган аялдарды колдоого алгысы келип жатканын билдирүүдө.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Польшанын Юстиция министрлиги кош бойлуу келиндер барып ээн-эркин ыйлай турган бөлмөлөрдү ачууну сунуштап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Мындай жол менен өлкө бийлиги бойдон алдырууга тыюу салган мыйзам күчүнө киргенден кийин аборт кылдыра албай калган аялдарды колдоого алгысы келип жатканын билдирүүдө. Ал жактан аялдарга психологиялык жардам көрсөтүлөрү айтылып жатат.
Белгилей кетсек, аялдарга бойдон алдырууга тыюу салган мыйзам январь айында күчүнө кирген.
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2020
Кызым үчүн рахмат, Лариса! Аборттон баш тарттырган курбунун ак жарыгы
Маалыматка карганда, Польшада бойдон алдырууга бөгөт койгон мыйзам мурда деле бар болчу. Болгону анда "эгер түйүлдүктөн майып адам төрөлөрү аныкталса, бойдон алдырууга уруксат берилет" деген пункту болгон. Мындан улам өлкөдө бойдон алдырган аялдардын 98 пайызы маалыматка ушул жүйөнү жаздырып алышчу.
Өткөн жылдын күз айларында Польшанын Конституциялык соту мыйзамдагы бул нерсени мүчүлүштүк деп таап, ага дагы тыюу салып койгон. Анда аялдар бир нече күнгө созулган митингге чыгышкан.
Эми аялдар зордуктоо учурунда боюна бүтүп калса же кош бойлуулук аялдын өмүрүнө коркунуч туудурса гана аборт кылдырууга уруксат берилет. Башка учурларда баланын канчалык күтүүсүз болгонуна карабай төрөшү керек.
Негизи эле бул өлкөдө бойдон алдыруу маселеси өтө курч. Мисалы, 2014-жылы сурамжылоо жүргүзгөн учурда респонденттердин 65 пайызы бойдон алдырууга каршы экенин билдирген. Бирок кийинки жылдары коомдун көз карашы өзгөрүп, сөз болуп жаткан мыйзамга каршы болгондор көбөйгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0