Симпсондордой саргайып... COVID-19га кабылган кишинин териси өзгөрүп кетти

© AFP / Arturo Holmes / Getty ImagesСитуация в США из-за коронавируса
Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Жазылуу
Улуттук саламаттык сактоо кызматынын маалыматына караганда, бул киши коронавирустан улам саргарып кеткен жалгыз бейтап эмес. Буга чейин 11 киши дал ушундай абалга туш болгон.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Британиялык Ленни Жонс аттуу адам коронавируска кабылган соң дене бою толугу менен саргарып кетти. Бул тууралуу CheshireLive порталына шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Улуттук саламаттык сактоо кызматынын маалыматына караганда, бул киши коронавирустан улам саргарып кеткен жалгыз бейтап эмес. Буга чейин 11 киши дал ушундай абалга кептелген.
"Эртең менен туруп, бөлмөмдөгү күзгүнү карап көргөн көзүмө ишенген жокмун. Симпсондор тууралуу мультфильмдин каармандарындай саргайып калыптырмын. Алгач күзгү бир нерсе болуп жатат го деген ой кетти. Ошол эле учурда дем алуум оорлошконун билдим", — деп айткан 69 жаштагы Жонс.
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Кандай адамдарда коронавирус мутацияланып кетет. Инфекционисттин пикири
Ал ооруканада 11 күн жатып, коронавирустан сакайып чыккан. Бейтапты дарылоо үчүн дарыгерлер канын алмаштырганы айтылат.
Адистер пенсионердин терисинин өңүнүн өзгөрүп кетишин организмдин вируска карата өзгөчө реакциясы деп түшүндүрдү. Бирок ал канча убакытта кайра өзүнө келгени тууралуу маалымат белрилген эмес.
Буга чейин коронавирус жуктурган Кытайдагы эки дарыгер башка расадагы адамдарга окшошуп, карарып калышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0