"Россиянын жолдору эле талкалап коёт": танктарына ичи чыкпаган америкалыктар

© Sputnik / Сергей Мелконов / Медиабанкка өтүүАКШнын M1 Abrams танкы. Архив
АКШнын M1 Abrams танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Жазылуу
Пентагондогулар түйшөлүп турган чагы: айтылуу Abrams танктары, атап айтканда, америкалык армиянын башкы сокку уруучу күчү Россия менен куралдуу жаңжалга даяр эмес.
Танктын соңку модификациясы Чыгыш Европада согуштук операцияларга ылайык эмес экени белгилүү болду. Аталган машинанын көйгөйү эмнеде? Бул туурасында кесиптешибиз Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Ашкере оор

M1 Abrams АКШнын Кургактагы күчтөрүнө 40 жылдан ашуун убакыттан бери кызмат өтөп келет. 1980-жылдан бери бул танктардан он миңден ашуун чыгарылган. Азыр катарда турганы — алты миңдин тегерегинде.
"Абрамстар" Ирак, Афганистан, Йеменде операцияларга катышып, согушта өздөрүн жакшы көрсөтө алышкан. Зооттолушу жагынан душмандын танкка каршы коргонуу каражаттарынын огун өткөрбөөгө, ал эми курал кубаттуулугу каалаган бутасын таамай талкалоого жетишерлик болчу.
Буревестник ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Технологиялык революция. Россияга "Буревестник" ракетасы эмне үчүн зарыл?
"Абрамстарды" бир нече жолу заманга бап жаңыртышты. Улам мыкты зооттолуп, конструкциясына улам жаңы технологияларды кошуп, борттук аппаратурасын жакшыртып отурушкан. Анткен менен танк кыйла оорлошуп кетти. M1A2 SEP V3 ысымын алган акыркы модификациясынын согуштук күчү 68 тоннага чукулдайт. Бул тарабынан Экинчи дүйнөлүк согуштагы немецтердин "Тигр-II" салмактуу танкына тең келет. Баса, бул машина куралдуу күчтөргө былтыркы жайда кабыл алынган. Пентагондун эксперттеринин пикиринде, бул пайдаланууну олуттуу түрдө татаалдаштырат.
"M1A2 SEP V3 Abrams танктарын заманбапташтыруу программасы шек туудурат, — деп айтылат Эксплуатациялык сыноолор жана баалоо боюнча америкалык башкармалыгынын (Operational test and evaluation) жакындагы эле докладында. — Машинанын салмагынын бир топ артышы анын мобилдүүлүгүн төмөндөтөт. M1A2 SEP V3 танкын тактикалык көпүрөлөр көтөрө албайт, аларды аскердик ремонттук-эвакуациялык машиналары, ал түгүл армиялык оор транспорттук техника да ташый албайт".

Көлөмдүүлүк көйгөйү

Булардын баары америкалык талдоочулардын пикиринде, Европада, айрыкча чыгыш тарабында "Абрамстардын" мүмкүнчүлүктөрүн чектөөдө. Эксперттер жергиликтүү көпүрө жана жолдор мынчалык оор техникага ылайык эмес экенин белгилешет.
Кокус Россия менен кеңири масштабдуу согуш тутанып калса, танк бригадаларынын аскердик тобуна кең мейкиндиктерди ыкчам басып өтүүгө туура келет. Зооттолгон техниканын дал логистикасы Пентагондун стратегдери үчүн негизги тоскоол болушу мүмкүн.
"Абрамстар" азыр салмагы боюнча германиялык Leopard 2A7 (68,5 тонна) танкынан гана кийинки сапта турат. Ошентип, түндүк атлантикалык альянстын аскердик багытта эң кубаттуу эки мамлекет Россия менен тирешип калган учурда активдүү чабуулдук аракетте болору арсар.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2021
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасын чыңдоо боюнча пландарын НАТО 2017-жылы эле жарыялаган. Уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг жол жана көпүрөлөргө талаптарды кайра карап чыгуу зарылдыгын айткан.
Мурдараак батыш маалымат каражаттары кошумча күчтөрдү жайгаштыруудагы көйгөйлөр боюнча кабарлашкан. Америкалык зооттолгон оор техниканы Польшага ташууда айрым аскердик машиналар көлөмү боюнча темир жол станцияларына батпай калган. Атап айтканда, Польшадагы Ковалево-Поморск шаарындагы перрондун подъездинде бир нече танк талкаланып кала жаздаган. Себеби алар темир-бетондук конструкциянын тирөөчүнө илинип калышкан. Мындан тышкары, "Абрамстарды" АКШдан ташууда да бир далай кыйынчылык бар. Эң көп жүк ташый алчу америкалык аскердик-транспорттук C-5 учагы бортуна бир эле заманбапташтырылган танкты батыра алат. Белгилей кетсек, россиялык техникаларга аскердик салмагы боюнча талап алда канча жогору: соңку Т-90М – 48 тонна, ал эми келечегинен көптү үмүттөндүргөн Т-14 "Армата" — 55 тоннанын тегерегинде.

Үчүнчү модификация

M1A2 SEP V3 улам жакшыртылып, толуктала берип "салмак кошкон". Кошумча күч орнотмосу эми зооттолуп, арткы бөлүгүндө жайгашкан. Бул машинаны жакын аралыктан ири калибрдүү пулеметтордун, ошондой эле чакан калибрдик автоматтык замбиректердин огунан коргоо үчүн жасалган.
SEP модификациясы Ирактагы согуштан соң пайда болгон. Согуштук аракеттер зооттолгон техника шаардык курулуштар шартында өйдөңкү кабаттардан ок атыла турган болсо, танктын коопсуздугу коркунучта каларын көрсөткөн. Жолдун четтеринде катылган колго жасалган жардыргычтар абдан кооптуу. Ошондуктан M1A2 SEP V3 машинасынын маңдайкы бронясын бир топ калыңдатышкан. Израилдик Trophy активдүү коргоо комплекси машинага жакындап келе жаткан үнгө чейинки куралдарды аткылоого жөндөмдүү. Бирок салмагы өтө көбөйүп кеткен.
Аскердик комплекттин мурдагы версияларында фугастык ок-дары жок эле. Алардын ордуна картечь патрондуу жана көп багыттагы дүрмөттөр болот деп эсептелген, бирок иш жүзүндө ал тастыкталган жок. Натыйжада машинанын бул түрү жаңы ок-дары – M1147ге ээ болду.

Тарыхый тажрыйба

С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2021
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?

Былтыр декабрда Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги 4,62 миллиард долларга General Dynamics Land Systems концерни менен Abrams танктарын M1A2 SEP V3 деңгээлине дейре заманбапташтыруу боюнча келишим түзгөнүн жар салган. Иштер 2028-жылга чейин аяктоого тийиш эле. Кыязы, генералдарды вашингтондук талдоочулардын эскертүүлөрү чочулатпайт өңдөнөт. Же алар ашыкча салмак маселесин атайын транспорттук каражаттарды жаратуу аркылуу чечүүгө ниеттенишет.

Белгилүү болгондой, россиялык жолдор чет элдик басып алуучуларды кыйнап келген.
1941-жылдын күзүндө топурак, ылай жана советтик жолдордун инфраструктурасынын өзгөчөлүктөрү Москвада Вермахттын танктык дивизиясынын кыймылын болушунча токтоткон. Жыйынтыгында Гитлердин аскердик кол башчылары утулганына жаман жолдорду шылтоологон.
"Таңдан бери тез эле келе жатканбыз, бирок кайра эле жол азабына кабылдык, — деп эскерет "Жеңиштердин көлөкөсүндө" деген китебинде немец талаа хирургу Ганс Киллиан. — Жолдор таптакыр эле чаң-топуракка толгон, анан да артиллерия чабуул маршрутун аткылап турган. Жарылган дүрмөттөрдөн пайда болгон чуңкурлардын тереңдигин ким билсин, кырына чейин баткак. Андайга тыгылып калбаш үчүн шашпай жана этият айдоо керек".
Пентагондун аскер башчылары мурдагы агрессивдүү согуштардагы ийгиликсиз тажрыйбаларын эстеп койгондору дурус. Советтер Союзу азыр болбосо да, дүйнөдө Россия мурдагыдай эле болжоп болгус климаты бар ири өлкө бойдон калып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0