Зеленскийдин импичменти үчүн Украина оппозициясы кол чогулта баштады

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүү Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив
 Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Жазылуу
Мындан үч күн мурда мамлекет башчы оппозициячыл партиянын депутатына таандык үч телеканалга санкция киргизүү чечимин кабыл алган.
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Украинанын "Жашоо үчүн — оппозициялык платформа" партиясы президент Владимир Зеленскийге импичмент жарыялоо үчүн кол топтой баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эске салсак, 2-февралда Зеленский "Жашоо үчүн — оппозициялык платформа" партиясынан Жогорку Раданын депутаты Тарас Козактын "112.Украина", NewsOne жана ZIK телеканалдарына санкция киргизүү боюнча чечим кабыл алган. Телеканалдардын берүүлөрү азыр YouTube каналында гана көрсөтүлүп жатат.
Годовщина пребывания В. Зеленского на посту президента Украины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2020
Зеленскийдин жыйында сүйлөп жатып катуу чыккан үндөн чочуп кеткен видеосу
Аталган партиянын кечээки жыйынында Зеленскийге импичмент жарыялоо боюнча маселелер талкууланып, саясий уюмдун аймактагы өкүлдөрүнө тапшырмалар берилген.
Буга чейин Зеленский "Оппозициялык платформанын" саясий кеңешинин башчысы Виктор Медведчук партияда Украинанын президентинин Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузгандыгы жөнүндө далилдер бар экенин билдирген.
Ошол эле учурда Зеленскийдин маалымат кызматы телеканалдарга киргизген санкциялар сөз эркиндигине коркунуч келтирбейт деп ишендирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0