Немец ЖМКсы: "Спутник V" вакцинасы Батышты таң калтыра алды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүү"Спутник V" вакцинасы
Спутник V вакцинасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
"Спутник V" препаратынын үчүнчү клиникалык сыноосунун жыйынтыгы жарыяланды. Анда адистер вакцинанын 91,6 пайызга эффективдүү экенин аныктаганы айтылат.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын иштеп чыгуу менен батыш өлкөлөрүн таң калтыра алды. Бул тууралуу германиялык Die Welt басылмасына шилтеме терип Sputnik радиосу билдирди.
Макаланын автору Жак Шустердин айтымында, СССР 1957-жылы космоско жердин жасалма спутнигин жөнөткөндөн бери дүйнө Россия тарапты карап мынчалык таң бере элек болчу.
"Ошондон бери Россия техникалык жактан ушунчалык ири долбоор жарата элек эле. Анткен менен вакцинаны рынокко эрте чыгарып, көп нерсени далилдеп койду", — деп жазган журналист.
Ошондой эле Шустер беделдүү Lancet илимий басылмасы "Спутник V" вакцинасынын эффективдүүлүгү РФ өкмөтүнүн бардык аракеттерин актай алганын моюндаганын белгиледи.
"Спутник V" препаратынын үчүнчү клиникалык сыноосунун жыйынтыгы жарыяланды. Анда адистер вакцинанын 91,6 пайызга эффективдүү экенин аныктаганы айтылат.
BIOCAD компаниясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
"Спутник V" вакцинасы: The Lancet үчүнчү баскычтын жыйынтыгын жарыялады
РФтин Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" препаратын 2020-жылдын августунда каттоодон өткөргөн. Вакцинаны Россиялык түз инвестициялар фондунун колдоосунда Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология улуттук изилдөө борбору иштеп чыккан. Аны тыкыр изилденип чыккан аденовирустук вектордук платформада түзүшкөн. Бул дүйнөдө биринчилерден болуп катталган COVID-19дун алдын алуучу препарат болуп саналат.
"Спутник V" азыр 16 өлкөдө, атап айтсак, Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина, Боливия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай, Түркмөнстан, Венгрия, БАЭ, Иран, Гвинея Республикасы, Тунис жана Арменияда катталган.
Ошондой эле вакцинаны каттоо процесси Дары-дармек боюнча европалык агенттик (ЕМА) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан демилгеленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0