Сөөгү жерге берилди деген киши кийин тирүү болуп чыкты. Португалиядагы окуя

© AFP / JOEL SAGETМедицина кызматкерлери маркумдун табытын COVID-19дан жабып жатат
Медицина кызматкерлери маркумдун табытын COVID-19дан жабып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Каза болду деген абышканын туугандары коронавирус пандемиясына байланышкан чаралардан улам аны акыркы сапарга узата алышкан эмес.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Португалияда сөөгү жерге берилди деген 92 жаштагы абышка кийин тирүү болуп чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал киши респиратордук ооруга чалдыгып Оливейра-ди-Аземейш шаарындагы ооруканада эки ай жаткан. Дарыланып жүргөндө ошол жерден коронавирус жуктуруп алган.
"Оорукана кызматкерлери 10-январда туугандарына анын өлүмү тууралуу кабар айтып, эки күндөн кийин сөөгү жерге берилген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чаралардан улам туугандары аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
20 күндөн кийин абышканын туугандарына анын тирүү экендиги тууралуу билдирүү барган. Маалым болгондой, медиктер аны көз жумган башка адам менен алмаштырып алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0