ЖМК: учкучтар Пакистандын асманынан НЛОну видеого тартып алышкан

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАсмандагы ай. Архив
Асмандагы ай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пилоттордун бири жергиликтүү телеканалга учуп келген объектинин жарыгы өтө күчтүү болгондугун, ал күн тийип турса да таамай байкалгандыгын айтып берген.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Таанылбаган учуучу объектини "Пакистан аба жолдору" компаниясынын учкучтары видеого тартып алышкан. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.
Пилоттор Лахор — Карачи багытында кетип бара жатканда асмандан өзгөчө нерсени байкашкан. Объект Пенджаб провинциясындагы Рахим-Яр-Хан шаарынын үстүндө 10,5 чакырымдай бийиктикте калкып турган.
Видеодон пилоттор учактан жогорураак эмне учуп жүргөнүн билүүгө аракет кылып, сүйлөшүп жаткандыгын угууга болот.
"Бул абага учурулган шар дагы, учак дагы эмес", — деген диалог учурунда алардын бири.
Учкучтар белгисиз тоголок объект бир учурда жарылып кетип, газды чыгаргандай анча катуу эмес дабыш угулганын айтышкан.
Алардын бири кийинчерээк жергиликтүү телеканалга "учуучу ал объектинин жарыгы өтө күчтүү болгондугун, ал күн тийип турса да таамай байкалгандыгын" айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0