Кара деңизде "Дональд Куктун" көздөгөнү эмне? Америкалык эсминецтин "кыйрашы"

© AP Photo / U.S. / Navy Raymond MaddocksЭсминец USS Donald Cook
Эсминец USS Donald Cook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжолдуу душман РФтин деңиздеги чек араларында пайда болсо, аны заматта тосуп алып, суудагы кемелерин, суу түбүндөгү кайыктарын, авиация, жээктеги ракеталык комплекстерин же баарын бир убакта шарттуу түрдө жок кылат. Аскердик машыгуулардын жүрүшү ушундай.
Америкалык "Дональд Кук" эсминеци 23-январда Кара деңизге кирип, Россиянын Аскердик-деңиз флотунун майнаптуу даярдыгы үчүн стандарттык "бутаны" жараткан. Коргоо башкармалыгы улуттук борбору: "Кара деңиз флотунун күч жана каражаттары ага көз салууга киришти", — деп гана учкай маалымдаган.
Ошол эле күнү маалымат каражаттарында кабарлангандай, Россиянын аба-космостук күчтөрүнүн алты учагы Крым жарым аралынан 300 чакырымдай аралыктан Кара деңиздин батыш бөлүгүндөгү америкалык эсминецине болжолдуу сокку урган.
Крымдагы авиабазадан Су-30 жана Су-27 истребителдери, ошондой эле Су-24 фронттук бомбалоочулары абага экиден көтөрүлүп, деңиздеги буталарына карата ракеталык-бомбалык куралды пайдалануу чегине кезектеше чыгып, болжолдуу душманын жок кылууга машыгышты. РФ деңиз чек араларындагы АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кыйратуучу активдүүлүгүнөн улам мындай реакция акылга толук сыярлык.
Посейдон көп буталуу океандык тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Агрессивдүү саясатка россиялык жооп. Жаңы субмарина тууралуу эмне белгилүү?
Эки ай мурда бир типтеги, "Томагавк" канаттуу ракеталары менен куралданган "Жон Маккейн" эсминеци Петр Великий булуңунда россиялык чек араны бузуп, натыйжада Тынч океандык флоттун кемеге каршы коргонуучу ири "Адмирал Виноградов" кемеси менен бейтарап сууларга "куулган". Ошондо АКШнын аскердик-деңиз флотунун командачылыгы аталган тилкени россиялык деп эсептебей турганын жарыялаган. Крым жарым аралынын жанында ыраакы чыгыштык чагымчылыктын кайталанышы толук ыктымал.
Ошондуктан 23-январда Россия "Дональд Кукка" чечкиндүү аракеттерге даяр экенин көрсөтүп, алыскы чектерде РФтин аймактык сууларында америкалык эсминецтердин "сүзүү эркиндиги" тууралуу мифтерди жокко чыгарды. Мындан тышкары, Кара деңиз флотунда кризистик кырдаалдагы аракеттерге машыгуу да өттү. Андан кийин Россиянын Аскердик-деңиз флоту аскердик даярдык көрүүгө пландалган иш-чараларына байланыштуу Кара деңиздин түндүк бөлүгүндөгү кеме байланышы үчүн миң чарчы чакырым аралыкты жаап койду. Адистердин пикиринде бул "Дональд Кук" эсминецинин келишине байланыштуу эмес, бирок аймакта аскердик-саясий абалдын чыңалып баратканынан кабар берет.

Тактика өзгөрдү

"Дональд Кук" эсминеци 1600 чакырым аралыкка чейин учуучу "Томагавк" канаттуу ракеталарынан 60тан ашуун бирдикти ташый алат. Бортунда кайыкка каршы ASROC ракеталары, "Стандарт" зениттик ракеталары, "Ижис"ракетага каршы коргонуу тутумунун компоненттери, аскердик маалыматтык-башкаруучу тутумдары бар. Бул менен АКШ НАТО боюнча союздаштары менен аракеттешүүсү күчөтүлгөнүн көрсөтүү далалатында. Мындай жарылуу коркунучу бар арсенал аймактык туруктуулукту бекемдей алары арсар.
Пайдаланууга берилгенден берки 36 жылдын ичинде "Ижис" тутумунун жалгыз "аскердик трофейи" IranAir компаниясынын жүргүнчү ташуучу авиалайнери болгонун эске салалы. Ал жаңылыштык менен (1988-жылы F-14 истребители катары таанылып) урулган.
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Эсминецтин "жээкке каршы" сокку уруу мүмкүнчүлүктөрү бир кыйла, согуштук кырдаалда абадан коргонуу тутумунун майнаптуулугу текшерилген эмес. Канаттуу "Томагавктар" деңиз согушунда эч кандай жардам бере албайт ("Томагавктын" кемеге каршы BGM-109B TASM версиясы көп жыл оболу куралдануудан алып салынган).
"Дональд Куктун" арткы бөлүгүндө чакан көлөмдүү төрт гана "Гарпун" үнгө чейинки кеме каршы тутум бар. Эсминецтен Россиянын аскердик-деңиз флоту эч качан көз айырбайт.
"Дональд Кук" АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн 6-флотунун курамында, 2014-жылдан тарта РФ чек араларына жакын Кара деңиз жана Балтий деңиздеринде улам пайда болуп калат. Ошол эле жылы эсминецтин экипажы (300дөн ашуу киши) Кара деңизде россиялык фронттук Су-24 бомбалоочу учагы менен өтө жакындан "таанышкан", ал чакырылбаган коноктордун үстүнөн 12 ирет айланып учкан. АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматтары боюнча Су-24түн бортундагы радиоэлектрондук күрөш аппаратурасы алгачкысында "Куктун" татаал электроникасын бузуп, бул менен америкалык моряктарды деморалазициялаган. Экинчи жолкусунда Су-24 2018-жылдын көктөмүндө "Куктун" аппаратурасын иштен чыгарган. 2021-жылы каршы туруу тактикасы өзгөргөнү байкалып турат, себеби соңку айларда "Кук" Кара деңиз аймагына өтө көп келчү болду.
Экинчи жагынан, анчалык заманга бап эмес жана "деңиздик" Су-24 бомбалоочу учагы суудагы буталарын кыйратуучу авиациялык каражаттардын кеңири спектрине ээлик кылат. Мисалга "аба – жер бети" тибиндеги таамай атчу Х-59 ракетасы (285 чакырымга чейинки аралыктагы) кемелик радарларды нурлантууга мээленип, ылдамдыкты 3,6 Махка жеткирип, согуштук кырдаалда "Арли Берк" тибиндеги эсминецтерин соо калтырбайт.
Су-30 жана Су-27 истребителдеринин күчү жана артыкчылыгы АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүн кара деңиздик реалдуулук, Кара деңизге кирбеген өлкөлөрдүн аймакта үч апта гана жүрө алышына уруксат берген Монтре Конвенциясы сымал эле түйшөлтөт.
МиГ-31 истретибели. Архив - Sputnik Кыргызстан
6-муундагы кубаттуулук. МиГ-41 качан көккө кое берилет?
Россия аскердик топторду күчтөндүрүп, түштүк-батыштык стратегиялык багытта АКШ жана НАТОнун аскердик-деңиз күчтөрүнө каршы туруу тактикасын өзгөртүүгө мажбур.
РФтин Кара деңиз флоту акыркы жылдары алты дизель-электрдик суу түбүндөгү кайык, бир нече фрегат жана узак аралыкка багытталган "Калибр" канаттуу ракеталары менен жабдылган чакан ракеталык кемелерди алган.
Крымда абадан коргонуунун С-400 "Триумф" зениттик ракеталар тутумунун төрт дивизиону жана "Панцирь-С" зениттик-ракеталык замбиректик комплексинен бир нече дивизион жайгашкан. Севастополдун четинде жакында ракеталык кол салуунун алдын алуу жөнүндө эскертүүчү жаңы радиолокациялык тутуму пайда болот.
Россиянын аскердик-деңиз флоту Жер ортолук деңиздеги таасирин активдүү кеңейтүүдө. Ал жакка 10 аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайык жайгашкан, бул АКШнын аскердик-деңиз флотунун аракеттеги кемелеринен ашат.
Defense News басылмасынын маалыматына караганда, Россиянын Ыраакы Чыгыштагы "Бастион" жээктеги ракеталык комплекси Москвага Беринг кысыгы аркылуу Арктика чыгууну көзөмөлдөөгө, Аляскадагы буталарды кыйратуу мүмкүндүк берет. Мындан ары эмне болот?

АКШ аскердик-деңиз күчтөрүнүн стратегиясынын бурмаланышы

"Россия Кара деңизде америкалык кемелердин болушуна дайым кыжырданат, анткени алар узун аралыктагы канаттуу ракеталар жана күчтүү ракетага каршы коргонуу тутуму менен куралданышкан. Орустар мындай коркунучтарды стратегиялык деп кабылдап, ушундай типтеги арсеналдын алардын калктуу пункттары же кескин инфраструктурасына жакын болушуна жол бербейт", – дейт Россияны изилдөөлөр боюнча Виржиниядагы CN аскердик-аналитикалык борбордун директору Майкл Кофман. Бирок Вашингтондун да Россиянын аскердик-деңиз флотунун көп буталуу жана стратегиялык субмариналары, стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучулардын (бейтарап сууларда же эл аралык аба мейкиндигинде) учуштарына кыжыры кайнайт. Бир тараптуу коопсуздук болбойт, бирок АКШнын өз стратегиясы бар.
Истребитель F-35A Lightning II - Sputnik Кыргызстан
АКШ F-35тин сериялык өндүрүшүн дагы жылдырды. Буга эмне себеп?
АКШнын аскердик-деңиз операцияларынын башчысы адмирал Майкл Гилдей жакында эле белгилегендей, Вашингтон кемелеринин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунду кайтара албайт, бирок жаңы технологиялардын эсебинен Дүйнөлүк океанда үстөмдүгүн сактоо зарыл. Океан үстүндөгү мейкиндикке байкоо салуу АКШнын экономикасы жана саясаты үчүн өтө маанилүү, башкача айтканда "америкалыктардын жана алардын союздаштарынын навигациясынын эркиндиги" жана душман тарабындагы жээкке "күчтү проекциялоого" керек. Россиянын негизги "кылмышы" – коргонуу жөндөмүн олуттуу түрдө бекемдегени.
Каршы туруунун америкалык концепциясында: "Россиянын аскердик-деңиз флоту дүйнөгө арышын улам кеңейтип, биздин жээктерге жакындап келет… Эгер Россияга тийиштүү көңүл буруп турбасак, эрежелерге негизделген дүйнөлүк тартипти бузууну улантып, биздин өлкөгө коркунуч туудурат", - деп айтылат.
Айыбын мактана ашкерелөөнүн аркасынан кургакта жана деңизде Пентагондун чагымчылыгы жана операциялары башталышы ыктымал (Ирак, Югославия, Афганистан, Ливия, Сирияны эстеп көрөлүчү). Ошондуктан Россиянын аскердик-деңиз күчтөрү америкалык "өнөктөштөрүн" көп полярдуу дүйнөнүн катаал реалдуулугуна кайтарууга аргасыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0