"Спутник V" вакцинасы эми Түркияда дагы чыгарыла баштайт

© Sputnik / Медиабанкка өтүүВ Казахстане началось производство вакцины Sputnik V
В Казахстане началось производство вакцины Sputnik V - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта Россиянын түркиялык өнөктөштөрү препаратты алууга абдан кызыкдар болуп жатканы белгиленет.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Түз инвестициялар фонду Түркияда коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын чыгаруу боюнча аталган өлкөнүн фармацевтикалык продукция өндүрүүчү алдыңкы компаниясы менен келишим түздү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта аталган өлкөгө технологияларды ташуу башталганы айтылат.
"Спутник V" вакцинасын жылына бир миллион дозада чыгарууга ылайыкталган. Өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү маселеси да талкууланууда", — деп Түз инвестициялар фондунан билдиришкен.
Массовая вакцинация от COVID-19 в России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россиядан 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын сурады
Ошондой эле Россиянын түркиялык өнөктөштөрү препаратты алууга абдан кызыкдар болуп жатканы белгиленди.
Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы дүйнөдө биринчи болуп катталган. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея улуттук борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.
Аталган препарат тийиштүү сыноолордон өткөндөн кийин 91 пайыздан ашык натыйжалуулукту көрсөттү. Ал эми COVID-19 инфекциясынын оор учурларына каршы 100 пайыздык натыйжага жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0