Байден бүгүн АКШга кирүү боюнча кыргызстандыктарга коюлган чектөөнү алып салат

© AP Photo / Susan WalshАКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөөлөр бар.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргызстан кошулган бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салууларды жокко чыгарганы жатат. Бул тууралуу анын командасына шилтеме берип РИА Новости маалымдады.
Чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген.
"Байден ал чечимди жокко чыгарып, негизинен мусулмандардан турган жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө уруксат берет. Ошондой эле Мамлекеттик департаментке аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү маселесин жаңылоону тапшырат”, — деп айтылат билдирүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан
Трамп жубайы Меланья менен америкалыктарга акыркы ирет кайрылышты
Ошондой эле Байден иммигранттарды АКШдан чыгарылбай, убактылуу жашоого мүмкүндүк берген DACA программасын бекемдөөнү карап жатканы кошумчаланды. Аталган программа ушул тапта депортациядан 700 миң кишини сактап турганы кошумчаланды.
Учурда Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Жо Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү Вашингтон шаарында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0