"Райондор ачыкталды": АКШнын аскердик флоту куралын кайда мээлеп турат?

© Photo / U.S. Navy / Matt BrownУдарная авианосная группировка ВМС США
Ударная авианосная группировка ВМС США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ооздуктоо жана жеңүү" — АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн штаб жетекчиси адмирал Майкл Гилдей жакынкы он жылдыкка карата "Навигациялык план" менен тааныштырды.
Глобалдык көзөмөлдүн максаты — америкалыктардын мекенинде жай жана ток жашоосу. Бирок документтин текстинде бөлөк өлкөлөргө каршы ачык агрессия так байкалат. Вашингтондук адмиралдардын көздөгөнү эмне? Жаңы жарыяланган документти Николай Протопопов талдап чыккан. 

Дүйнөлүк атаандаштар

Жаңы пландын авторлору баса белгилегендей, америкалык флот АКШ жарандарынын коопсуздугу жана турмушуна коркунуч туудурган узак мөөнөттүү атаандаштыкка тартылды. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир мүнөттү да текке кетирбөөгө тийиш: жаңы аяк баскан он жылдыкта гана тургай, XXI кылым бою күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоо үчүн кызуу аракетте болуу абзел. Глобалдык тынчтыктын (тынч абалдын) негизги атаандаштары жана ага "бүлүк салгандар" — Россия жана Кытай.
Америкалык адмиралдардын пикиринде, бул мамлекеттер узак убакыт бою бүт дүйнөгө пайда алып келип турган деңиздеги эркиндикке бүлгүн салууда. Москва жана Пекин территориалдык суулардын чегинен тыш баалуу деңиз ресурстарына чыгууну "адилетсиз көзөмөлдөөгө" тырышып, "өз талаптарын күч менен таңуулап коңшуларды чочулатууда", "эң маанилүү суу жолдорун ыраакка атылуучу ракеталар менен мээлеп турат".
С-400 зениттик ракеталык системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Россия заманбап ракеталык кемелерди, суу түбүндөгү кайыктарды, гипер үндүү ракеталарды, тактикалык өзөктүк куралдарды иштеп чыгып жатканын америкалыктардын дегеле кыртышы сүйбөйт.
Пентагондогулар россиялык флот бүт дүйнө боюнча активдүүлүгүн күчөтүп, Кошмо Штаттардын жээктерине улам жакындай күчтөрүн жайгаштырып жатканын белгилешет. Ошондуктан "Россияны ынанымдуу көзөмөлдөө зарыл" имиш.
Өтө тездик менен өнүгүп келе жаткан кытайлык флот да тынчсыздануу жаратат. Америкалык талдоочулардын пикиринде, бул – дагы дүйнөдөгү ири флот. Пекин Вашингтонго жана анын союздаштарына чакырык таштап жаткандай, ошондой эле эң курч жана узак мөөнөттүү коркунучка айланууда. Ошол эле учурда АКШ — деңиз державасы экени жана анын өркүндөшү, коопсуздугу деңиздеги артыкчылыгын сактоо жөндөмүнө жараша болору белгиленет. Ал үчүн өз аскердик-деңиз күчүн (АДК) "Дүйнөлүк океандын булуң-бурчуна" жайылтууга тийиш.
Америкалыктар эл аралык укук жол берген бардык жерде сүзүүнү, учууну, ошондой эле дүйнөнүн ар кыл аймактарында "атаандаштарынын деңиз жаатындагы амбициясын" ооздуктоо жана алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн зыянсыздандыруу үчүн күчтөрүн жайгаштырууну уланта бермекчи.

Флотту чыңдоо

Баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү атомдук кайыктар "АКШны өзөктүк кол салуудан коргоодо". Ал эми атайын операциялардын күчтөрү "эң күчтүү душмандын да шаштысын кетирүүгө даяр". Адмиралдар АДК жердеги күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн каалаган жээгине десантты жеткире алат.
Аскердик-деңиз күчтөрү агрессияны ооздуктоо үчүн тийиштүү бардык, анын ичинде "адаттан тыш" каражаттарга да ээлик кылат. Атап айтканда, мында кеп маалыматтык, кибернетикалык технологиялар жана деңизден, суу түбүнөн жана абадан чабуул жасоого мүмкүндүк берчү куралдар жөнүндө болууда.
Жакынкы жылдары деңиздеги заманбап тиреште маанилүү ролду АКШ жасалма интеллектке табыштайт. Мындай системалар согушта майнаптуулугун жана артыкчылыгын айгинелей алышты. Ошондуктан флот массалык пайдалануу менен заманбапташтырылмакчы.
Германиядагы Висмар портундагы газ түтүгүн куруучу кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соңку аракет: АКШ кайрадан "Түндүк агым-2" долбоорун "эрмектөөдө"
Учкучсуз деңиз платформалары да "өтө маанилүү". Алар чалгындоодо, байкоо салууда флоттун чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн ички курамы он жылдыктын соңунда роботтоштурулган аппараттар менен тыгыз байланышта ишенимдүү жана шайкештикте иш алып барууга тийиш.
АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы коюлган пландарынын баарын жүзөгө ашыруу үчүн флот чыңдап жана кеңейтүү керек. Жогорку чабуул коюучу мүмкүнчүлүктөрү бар суу түбүндөгү атомдук кайыктар жана суудагы кемелер көбүрөөк талап кылынат. Анан да жаңы кемелер "Созвездие" классындагы келечектүү фрегаттар сымал чакан болуусу абзел.
Пентагон авиаташуучуларды да эсептен чыгарбайт. Мурдагыдай эле ал – Аскердик-деңиз күчтөрүнүн сыймыгы, күчтү көрсөтүүнүн негизги инструменти. Флоттун суу түбүндөгү күчтөрүнүн да өзгөчө мааниси белгиленет. Мында "Колумбия" классындагы атомдук стратегиялык субмариналарга, ошондой эле көп буталуу "Виржиния" суу түбүндөгү кайыктарга артыкчылык берилет.

Санарип жана лазерлер

Аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы бир техника менен гана чектеле албайт. Ички курамды да кылдат окутуп, анын ичинде душмандын жүрүм-турумунун чоо-жайын жакшы түшүнүүнү үйрөтүү зарыл.
Адмиралдардын айтымында, "моряктар тек гана байкоо салып жана коркунучтарга ыкчам чара көрүп гана тим болбостон, каршылаш тараптардын аракеттерин ички туюм менен аныктай алууга тийиш. Буга тигил же бул өлкөнүн жарандарынын менталитетинин өзгөчөлүктөрүн терең билиши көмөкчү болот".
Эскиз перспективного авиационного комплекса дальней авиации РФ - Sputnik Кыргызстан
"Бардык кооптуулук эске алынган": Россиянын жаңы аба куралы кандай болот?
"Алдыдагы болжолдуу жаңжалдардын" сценарийлерине дүйнө жүзү боюнча – Ыраакы Түндүктөн Тынч океандын батыш бөлүгүндө дейре аймактарда машыгышат. Маселен, быйыл АКШ АДК десанттык операциялар менен бир нече авиаташуучу топтун ири масштабдуу машыгууларын өткөрмөкчү. Ага алгач ирет чалгындоочу жаңы куралдарды жана маалыматтык ресурстарды колдонуучу чакан тактикалык кибер-топтор катышат. Адмирал Гилдей бул машыгуулар "соңку тарыхта болуп көрбөгөндөй" масштабда өтөрүн жар салган.
Маалыматтык жана санарип технологиялар АКШнын аскердик-деңиз күчтөрүнүн чордонунда. Аларсыз эми согуштук аракеттер мүмкүн эмес. Санарип баарын чечет, деңиз жана кургактагы согушту ыкчам жана майнаптуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Аскердик-деңиз күчтөрүндөгүлөр боолгологондой, "АКШнын душмандары флоттун коргонуусун ири сандагы ракеталар менен алсыратууну болжошот". Ошондуктан Пентагон суу түбүндөгү кайык жана деңиз учкучсуздарын табуучу көптөгөн стационардык жана мобилдик системаларды ишке аралаштырат, учак жана кемелердин коргонуусун күчөтөт. Ошону менен бирге эле жакынкы согушта кадимки куралдар менен катар эле энергетикалык куралды да пайдаланууну пландайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0