ЖМК: Болгарияда бала COVID-19га туруштук берген артыкчылык менен төрөлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДарыгер ымыркайды оорукананын төрөт бөлүмүндө текшерип жатат. Архив
Дарыгер ымыркайды оорукананын төрөт бөлүмүндө текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кош бойлуу аял ооруканага коронавирус менен катуу жабыркап түшкөнү айтылган. Бала жарыкка келгенден кийин дарыгерлер таң калыштуу жагдайга туш болгон.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Медициналык маска кийген окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0