ЖМК: Түркияда чөккөн кеменин экипажынын эки мүчөсүнүн сөөгү табылды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүГорода России. Новороссийск
Города России. Новороссийск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан кийин экипаждын 13 мүчөсүн куткаруу иштери башталган. Алдын ала берилген маалыматта каза болгондор бар.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Түркиянын жээгинде чөгүп кеткен Arvin кемесинин 13 экипажы Украина жарандары экени аныкталды. Алты морякты куткарып алышса, экөө каза болгону айтылды. Бул туурасында РИА Новости Бартын провинциясынын губернатору Синан Гүнерге таянып кабарлады.
Буга чейинки алгачкы маалыматтарда кемедегилер россиялыктар деп айтылган, кийинчерээк алардын украиналыктар экени кабарланды.
Моряктардын россиялык кесиптер бирлигинен Arvin кемесинин оператору Tesoro Marine деп аталган украиналык компания болгонун билдиришкен.
"Ал жакта менеджмент украиналык. Одессадан, Tesoro Marine", — деп айтышкан профсоюздан.
Италияда казак туристтер эс алып жүргөн яхта чөгүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Италияда казак туристтер эс алып жүргөн яхта чөгүп кетти. Видео
Буга чейин Anadolu агенттиги Бартын провинциясынын губернатору Синан Гүнерге таянып, россиялык жүк ташуучу кеменин Түркиянын Инкуму аймагында сууга чөгүп кеткендигин жазган эле.
Губернатор дагы эки моряк тирүү табылганын, бирок аба ырайынын катаал шартынан улам аларга жетүү кыйын болуп жаткандыгын кошумчалаган.
Экипаждын 13 мүчөсүн куткаруу иштери башталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0