Соңку аракет: АКШ кайрадан "Түндүк агым-2" долбоорун "эрмектөөдө"

© Sputnik / Дмитрий Лельчук / Медиабанкка өтүүГерманиядагы Висмар портундагы газ түтүгүн куруучу кеме. Архив
Германиядагы Висмар портундагы газ түтүгүн куруучу кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк агым – 2" долбооруна катышкан даниялык Ramboll компаниясы Вашингтондун санкцияларынан чочулаган. Бул туурасында маалымат каражаттары жазып чыкты.Чындап эле 1-январдан тарта долбоорго байланышкандардын баарына чара көрүүнү күчөткөн. Бирок курулуш уланууда.
Европада бул боюнча кайрадан кырдаал кызып барат, немецтер фондду санкциялардан коргоп калууга камынып, британиялыктар америкалыктардан үлгү алгысы бар. Ал эми шведдер "газ согушунун" тутанып кетишинен кооптонуп жатышат. Газ түтүгү соңунда эмне болоруна сереп салган Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Баягы эле аракетин баштап...

"Түндүк агым – 2" долбоорунун чет жердеги кургак бөлүгү ийгиликтүү курулуп бүттү. Азыр Германиядагы сууларда түтүктөрдү коюп жатышат, кийинки кезек – Данияда. Долбоор аягына чыгайын деп калды. Бирок Вашингтондогулар муну тааныгысы жок. 1-январда коргоо бюджети жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирди. Анда россиялык газ түтүгүнө каршы кошумча санкциялар камтылган. Атап айтканда, санкциялар тестирлөөчү, инспекция жана сертификация кызматтарын көрсөткөн уюмдарга тиешелүү.
Норвегиялык DNV GL компаниясы газ түтүгүн текшерүү боюнча бардык ишин токтоторун жана аны сертификациялай албай турганын билдирди.
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдын жыйынтыгы: дүйнөлүк газ рыногундагы "катуу бороон"
АКШ сенатындагы республикалык көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл билдиргендей, коргоо бюджети жөнүндөгү мыйзам мамлекеттик коопсуздук жана "Кытай, Россия сымал күчтүү держава-атаандаштарды ооздуктоо" үчүн чечүүчү мааниге ээ. Бул документ АКШнын "деңизде, кургакта, кибер мейкиндикте жана космосто" артыкчылыгын бекемдейт.
"Газпром" дагы 150 чакырымдын тегерегиндеги түтүк коет, 120 чакырымы — Данияда, 30дан бир аз ашыгыраагы Германиянын сууларына түтүк жаткыруу иши гана калды. Газ түтүгү 94 пайызга даяр.
Вашингтондун европалык беш энергетикалык ири компания тарабынан каржыланып жаткан долбоорду бүтүрүүгө жолтоо болуу аракетине карабастан, 11-январда Германиянын аймактык сууларында бир жылдан бери токтоп турган иш кайра жанданды. 15-январдан тарта Даниянын жээктеринде түтүк коюла баштайт.
"Фортуна" түтүк тартуучу компаниясына Россиянын Деңизде куткаруу кызматындагы "Мурман" жана "Балтиялык изилдөөчү", ошондой эле бир катар кеме камсыздоочулар көмөктөшөт. Деңизде түтүк коюучу чийиндин эки тарабынан тең 200 метр аралыктагы аймак убактылуу жабылат. "Газпром экспорттун" башкы директору Елена Бурмистрова деңиз тилкесиндеги курулуштун аяктоо мөөнөтү бир катар шарттарга, атап айтканда аба ырайына жараша болорун маалымдаган.

Коргонуу механизми

Ал ортодо АКШдагылар кайрадан европалык компанияларды коркутууда. Вашингтондун пикиринде, алар аталган долбоордо Россияга кол кабыш кылууда. "Биз аларга тобокелдиктерди эске салып, кеч болуп кала электе кызматташуудан баш тартууга чакырууга тырышып жатабыз", — деп билдирген Reuters агенттигине Мамлекеттик департаменттеги булагы. Ушул эле агенттиктин билдирүүсү боюнча жакынкы күндөрү Ак үй да көңүлүнө толбогон уюмдардын тизмесин жарыялайт.
РФ Тышкы иштер министрлигиндегилер Вашингтон "Газпромдун" батыш европалык өнөктөштөрүнө канчалык кысым кылганына карабастан, Москва "Түндүк агым – 2" долбоорунун ийгилигинен шек санабай турганын белгилейт.
Түндүк агым — 2 газ түтүктүсү - Sputnik Кыргызстан
"Эч нерсеге карабай алга жылып": "Түндүк агым — 2" аягына чыгууда
Германияда долбоорду дале экономикалык деп атап, АКШнын экстерриториялык санкцияларын кабыл албай келет. Жакында эле бул жөнүндө ФРГнын министрлер кабинетинин расмий өкүлүнүн орун басары Ульрике Деммер эске салды. Анын үстүнө январдын башында Мекленбург-Алдыңкы Померания (Mecklenburg-Vorpommern) германиялык федералдык жеринин парламенти "MV климатын жана айлана-чөйрөсүн коргоо" экологиялык фондун түзүү боюнча регионалдык өкмөттүн демилгесин көп добуш менен жактырды.
Бул фондду америкалык санкциялардан буйтоо үчүн ойлоп табышкан. Уюм курулуш үчүн зарыл жабдууларды сатып алат. Биринчи кезекте түтүктү экология үчүн маанилүү деп тааныйт.
Германиялык Bild басылмасы билдиргендей, бул "Түндүк агым – 2" долбоорун жаратылышты коргоонун "принципиалдуу элементи" деп кароого мүмкүндүк берет.
Фонд тек гана ушул долбоор менен алектенген коммерциялык ишкананы каттоону пландайт. Ал эми америкалык санкциялардан кооптонгон компаниялар россиялык тарап менен ушул ишкана сунуштаган экономикалык инструменттер аркылуу иштешет.

Үлгүрбөй калышат

Немецтер өздөрүн санкциялардан коргой алабы? Бул боюнча байкоочулардын ойлору бир кылка эмес. Бир жагынан фонд Вашингтондун аракеттерине туруштук берүүгө жетишерлик инвестиция жана ыйгарым укуктарга ээ болгонун белгилейт ТМТ компаниясынын директору Даниил Ростовцев.
"Бирок фонд түзүү демилгеси коомдо, айрыкча "жашылдар" коомчулугунда нааразылык жаратты. Экологдор өз пикирлеринде "жашыл" эмес, тескерисинче айлана-чөйрөгө кооптуу долбоорго мындай өбөлгө болуу этикага жатпайт жана кыжыр келтирет деп эсептешет", — дейт талдоочу.
Протест после оправдания сенатом Дональда Трампа по делу об импичменте  - Sputnik Кыргызстан
"Орустар максатына жетти": дүйнөлүк тоталитардык держава курулду
Эми баары "Түндүк агым – 2нин" тарапташтары коомчулук менен кандай тил табышарына жараша. Ошол эле учурда өнөр жай боюнча көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов Берлин баары бир Вашингтондун санкцияларына баш ийбестигин айтат. Айтымында, Германияга америкалык суюлтулган газга караганда кыйла арзан россиялык көгүлтүр от керек. Анан да Россия менен экономикалык алакаларды сактап калуу абзел: бул – германиялык компаниялар үчүн стратегиялык рынок.
"Албетте, фонд санкцияларга кабылат, бирок алар жыйынтык бербейт. Ал эми анын подрядчиктерине каршы жаңы мыйзам долбоорун даярдоого, аны конгресс аркылуу өткөрүп, президент кол койгончо күтүүгө туура келет.
Бул жарым жылга жакын убакыт алат, ага чейин "Түндүк агым – 2" курулушу аяктап да калат, — деген оюн билдирет эксперт. Бирок пайдаланууга киришүүдө дал АКШнын коргоо бюджетинде камтылган санкциялардан улам кыйынчылыктар болбой койбой турганын кошумчалайт ал.

Коркунуч жана жек көрүү

Америкалыктарды англичандар да туурагысы бар. Британиялык парламентарий-консерватор Дэниел Кочински россиялык газ түтүгү "НАТО өлкөлөрүнүн аймагында жайгашкан бардык газ жана мунай түйүндөрүн айланып, түз Россияга алпарышы менен өтө кооптуу" деп эсептейт. Анын айтымында, британиялыктар Европа биримдигине эми мүчө эмес. Ошондуктан америкалык достордой "Түндүк агым – 2" курулушуна тартылган кандай гана компания болбосун санкция киргизүү керек. Швециядагылар Жо Байдендин президенттикке келиши менен "газ согушу" тутанып кетеби деп чочулашат.
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үмүт жандырчу божомол: 2021-жылы мунайдын наркы канчага чыгат?
Svenska Dagbladet белгилегендей, америкалык демократ – долбоордун Дональд Трамптан да катаал каршылашы. Ал эми скандинавдык королдук үчүн маселе эбак чечилген, өкмөт швед экономикалык аймагы аркылуу түтүк жаткырууну колдогон.
Байдендин президенттикке келишинин "Газпром" үчүн терс аспекти – анын жашыл багыт деп аталган энергетикалык саясаты. Демократтар 2035-жылга чейин экологиялык таза энергетикага өтүү үчүн эки триллион доллар сарпташат. Ал эми 2050-жылга таштандысыз кирүүгө умтулушат. Анткен менен жашыл энергетика да Россияга пайдалуу, ал "Түндүк агым – 2" боюнча жаратылыш газын гана тургай, суутекти да алышат. Европада суутектүү отунга да суроо-талап абдан жогору.
Кошмо Штаттардын өзүндө да долбоорго карата Ак үйдүн убадалары аткарыларынан шек санашат. Виргиния штатынан мурда сенатор болгон Ричард Блэктин пикиринде, Байден долбоорду аягына чыгаруу жөнүндө Москва менен жай тил табышууну ылайык көрөт, анын ордуна Вашингтон үчүн кандайдыр пайда алуу үчүн соодалашууга тырышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0