АКШда бийликтин алмашуусу Донбасстагы абалды жөнгө салууга таасир этеби

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДонбассты фашисттик баскынчылардан бошотуу күнүн белгилөө. Архив
Донбассты фашисттик баскынчылардан бошотуу күнүн белгилөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Козак бийликке келген Жо Байден вице-президент кезинде Вашингтондун тышкы саясатында Украина маселесин көзөмөлдөп келгенин белгиледи.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШдагы бийликтин алмашуусу Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу процессине таасир этер-этпесин божомолдоо кыйын, бирок бир нерсе өзгөрүшү керек. Мындай пикирин РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак "норманд төрттүгүнүн" жолугушуусунан кийин суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Россия лидери Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашиняндын Москва шаарындагы жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду
АКШ бийлигине Жо Байдендин келиши төрттүктүн ишине кандай таасир этери тууралуу суроого жооп берген Козак негизинен өзгөрүү болушу керектигин билдирди.
"Бир нерсе өзгөрсө керек. Бирок божомолдоо... АКШ өз алдынчалуу эгемен мамлекет, тышкы саясатынын багытын да өзү аныктайт", — деди Козак.
РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары бийликке келген Жо Байден вице-президент кезинде Вашингтондун тышкы саясатында Украина маселесин көзөмөлдөп келгенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0