РФ ТИМи Украина менен Балтикада ЖМКга жасалган басымга тынчсызданууда

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЗдание МИД России в Москве
Здание МИД России в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ Батыш өлкөлөрүндө альтернативдүү ойду берген маалымат булактарын тазалоо тенденциясы күчөп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украина менен Балтика өлкөлөрүндөгү россиялык ЖМКлар менен журналисттерге жасалып жаткан мамилеге тынчсызданып жатат. Бул тууралуу Россия басылмасынын күнүнө карата ТИМдин Facebook баракчасына жарыяланган маалыматта айтылды.
Анда Россия сөз эркиндиги жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү боюнча принциптерди жактай турганы белгиленген. Ал эми Батыш өлкөлөрүндө альтернативдүү ойду берген маалымат булактарын тазалоо боюнча тенденция күчөп жатканы айтылды.
"Журналисттердин укугу чектелип жатканын айтууга туура келүүдө. Айрым мамлекеттер өздөрү жарабайт деп эсептеген ЖМКларга жана алардын өкүлдөрүнө басым жасоо үчүн мамлекеттик механизмдерди иштеп чыгышты. Россия мындай практикага каршы жана ЖМКнын эркиндиги жөнүндөгү универсалдуу принциптерди сактоого чакырат", — дешти ТИМден.
Украинадагы кырдаал тынчсыздандырып жатканы белгиленди. Тышкы иштер ведомствосу киши колдуу болгон журналисттер Анатолий Клян, Антон Волошин, Игорь Еорнелюк, Андрей Стенин, Андрей Роккели, Олеся Бузина, Сергей Долгов, Вячеслав Веремий, Павел Шеремет жана башкалардын иши тергелбей жатканын эскертти.
Украинадагы ЖМК өкүлдөрү расмий Киев тарабынан зордук-зомбулукка дагы деле кабылып жатканы айтылды.
Власти Латвии хотят запугать нас — журналист, сотрудничающий с Россия сегодня - Sputnik Кыргызстан
"Россия сегодня" менен кызматташкан журналист: бийлик бизди коркутуп жатат
Мындан сырткары, Балтика мамлекеттеринде дагы журналисттердин укугу байма-бай бузулуп жатканы белгиленген. Мисалга, 2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууну сунуштаган. Ал эми агенттиктин башкы редактору кармалып, беш жылга чет өлкөгө куулган. 2019-жылдын соңунда Эстониянын бийлиги Sputnik агенттигинин журналисттери ишинен кетпесе кылмыш иши козголо турганын айтып коркутушкан. 2020-жылдын 3-декабрында Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Sputnik Латвия жана Baltnews агенттиктеринин жети өкүлүн кармаган.
Россия ТИМи мындай көрүнүштөрдү демократиялык коомдун негиздерин тепселөө катары сыпаттады.
Тышкы иштер министрлиги бул көйгөйлөрдү эл аралык аянттарда көтөрүп турмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0