Трампты мөөнөтү аяктаганга чейин алып түшүшөбү. Импичмент кадамы башталды

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен сенат иштен кетирүү маселесин Трамп президенттиктен кете турган дата – 20-январга чейин карап жетишеби, жокпу, азырынча белгисиз.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка ипмичмент жарыялоо үчүн күнөөлөй турган иш боюнча 9 конгрессчини дайындады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Демократтар фракциядагы добушу менен "козголоңго башкаларды үндөгөндүгү" үчүн Трампка импичмент жарыялоону палатага алып чыгууга ниет кылып жатат. Андан соң иш сенатка өтүп, Трамп боюнча сот иши каралышы керек. Анткен менен сенат ал маселени Трамп президенттиктен кете турган дата – 20-январга чейин карап жетишеби, жокпу, азырынча белгисиз.
Күнөөлөөчүлөрдүн командасын Мэрилендден шайланган, бир канча комиттеттердин мүчөсү, Трампты дайыма сындап келген Жейми Раскиндин жетектей турганы айтылууда.
Деятельность мини блога Twitter - Sputnik Кыргызстан
Трамптын аккаунту блоктолгондон кийин Twitter тармагынын акциясы арзандады
Анын тобуна импичмент жарыялоону уюштургандардын бири Дэвид Сисиллин, конгресс мүчөлөрү Дайана Дижетт, Хоакин Кастро, Эрик Суолвелл, Тед Лью, Стейси Плэскетт, Жо Негьюс жана Мадлен Дин кирген.
Эске салсак, 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.
Башында Трамп Капитолийдин алдынан тарапташтарына анын добушу уурдалып кеткенин айтса, кийин башаламандыкта аларды тарап кетүүгө чакырган.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен демократ Жо Байден уткан. Бирок Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна албай келген.
Аны тарапташтары Ак үйгө кирип барганда конгресс мүчөлөрүн коопсуз жайга алып чыгышып, көп нерсе чектелген тар жайда бир нече саат отурууга аргасыз болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0