COVID-19: дүйнө эли бул жылы дагы жамааттык иммунитетке жетпейт

© AFP / YE AUNG THUМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эле адистер кайсы бир жаңы вируска туруштук берүү үчүн арадан жылдар өтүшү керектигин айтып келишкен.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 2021-жылы дагы адам баласы коронавируска каршы жамааттык иммунитетке жетпейт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип "Известия" жазды.
"Айрым өлкөлөрдө дагы деле жугузуп алуу коркунучундагы адамдар болот. Андыктан социалдык аралыкты сактоо, көпчүлүк чогулган жерден оолак болуу сыяктуу эрежелерди унутпашыбыз керек", — деди ДССУнун илимий кызматкери Сумья Сваминатан.
Буга чейин эле адистер кайсы бир жаңы вируска жамааттык иммунитет пайда болушу үчүн арадан жылдар өтүшү керектигин айтып келишкен.
Белгилей кетсек, азыр коронавирус мутацияга учурап, бир нече өлкөдө жаңы штаммдары пайда боло баштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0