08:42 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
266 0 0

Монголияда жер төрт ирет силкинген. Иркутск облусунда жаратылыш кырсыгынан кыйроолор жана жабыркагандар катталбагандыгын ӨКМ билдирди.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Монголияда күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Россиянын Иркутск облусунда да сезилген. Бул тууралуу аталган аймактын ӨКМ башкы башкармалыгынын сайтында жазылды.

Жер титирөө Москва убактысы боюнча саат 00:32де катталган. Ал учурда Иркутск облусунда таң атып саат 05:32 болуп калган.

Жер силкинүүнүн очогу Монголиядагы Түрк деп аталган калк жашаган аймактан 34 чакырым алыс жерде болгону кабарланды. Очогунда жердин термелүү күчү 8,7 баллга жеткен.

Иркутск облусунда жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга чейин жеткен. Аталган аймакта кыйроолор жана жабыркагандар жок экени айтылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Монголияда жер силкинүү төрт жолу: саат 06:02де, 06:44тө, 07:02де, 07:13тө кайталанган. Ал эми Иркусткиде саат 07:34тө кайталанган.

Тема боюнча

Баткендеги жер титирөөдөн 20дан ашык мекеме жабыркады
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагында кайрадан жер титиреди
Белгилер:
ӨКМ, кырсык, жер титирөө, Россия, Монголия

ЭҢ МААНИЛҮҮ