Тоолуу Карабах: Путин, Алиев жана Пашиняндын сүйлөшүүсү дээрлик 4 саатка созулду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашиняндын Москва шаарындагы жолугушуусу
Россия лидери Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашиняндын Москва шаарындагы жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери Владимир Путиндин демилгеси менен дүйшөмбү күнү Москвада Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашинян кезикти.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Москва шаарында Россия лидери Владимир Путин, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашинян жолугуп, дагы бир жолу Тоолуу Карабах боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Маектешүү 3 саат 45 мүнөткө созулганын RT телеканалы билдирди.
Путин буга чейинки тынчтык келишиминин негизинде бүгүн Тоолуу Карабахта турмуш акырындык менен калыбына түшүп келе жатканын айтты. Сүйлөшүүлөр аяктаганга чейин эмне тууралуу кеп болуп жатканы белгисиз болду.
"Аймактагы абалды жакшыртуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Тагыраагы, экономика, курулуш, инфраструктуралык долбоорлор боюнча макулдаштык. Эми үч мамлекеттин вице-премьерлери жетектеген жумушчу топ түзүлүп, иштей баштайт”, — деди Путин.
Ошондой эле Путин бул келишимдер Азербайжан менен Армения элине пайдасын гана тийгизет деп ишенерин билдирди.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев транспорттук коммуникациялардын жанданышы эки өлкөгө тең пайдалуу болуп, бул процесске аймактагы коңшулар кошулат деген пикирин айтты.
Тизилген жан алгычтар. Карабахтын аянтын жарылуучу заттардан тазалаган видео - Sputnik Кыргызстан
Тизилген жан алгычтар. Карабахтын аянтын жарылуучу заттардан тазалаган видео
Ал эми Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Карабахтагы конфликт дагы деле жөнгө салына элек деп эсептээрин айтып, бирок Ереван бардык сүйлөшүүлөргө даяр экенин кошумчалады.
Эске салсак, Россия лидери Владимир Путиндин демилгеси менен дүйшөмбү күнү Москвада Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашинян кезикти.
Путин, Алиев жана Пашинян Тоолуу Карабахтагы чыр-чатакты жөнгө салып, аймактагы көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулоого чакырган. Ошондой эле аскердик аракеттерден жабыр тарткан жашоочуларга жардам берүү жагы да кеп болду.
Тоолуу Карабахтагы кырдаал былтыр 27-сентябрда курчуган. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыпташат. Россия, АКШ жана Франция лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга жана тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0