Капитолийдеги башаламандык: ички террорчулук боюнча 25 кылмыш иши козголду

© REUTERS / LEAH MILLISАкция протеста сторонников Трампа в Вашингтоне
Акция протеста сторонников Трампа в Вашингтоне  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын армия министри митинг учурунда ок атуучу курал, жарылуучу каражат менен кишендер табылганын айтып, мындай жагдайдын арты жаман болмоктугун белгилеген.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Америка бийлиги Капитолийдеги башаламандыкка байланыштуу ички терроризм боюнча 25 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу конгрессмен-демократ Жейсон Кроу айтканын РИА Новости жазды.
Кроу бул жөнүндө АКШнын армия министри Райан Маккарти менен сүйлөшүп, митинг учурундагы аскерлердин аракетин жана коопсуздук чараларын талкуулаган.
"Министр Маккарти Капитолийди басып алгандарга ички терроризм боюнча 25 кылмыш иши ачылганын айтты. Узун найлуу ок атуучу куралдар, өрт кое турчу бөтөлкөлөр (Молотов коктейли), жарылуучу каражаттар, пластик кишендер — чоң балээни алдын алып калганыбыздан кабар берет", — деп жазган конгрессмен Twitter баракчасына.
Деятельность мини блога Twitter - Sputnik Кыргызстан
Трамптын аккаунту блоктолгондон кийин Twitter тармагынын акциясы арзандады
Кроу ошондой эле башаламандыктарга жоокерлердин да катыштыгы бар деген билдирүүлөргө тынчсызданып жатканын билдирген.
Өткөн жумада Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу. Башаламандык учурунда 4 адам каза тапкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0