"Көчмөндөр жери". АКШ киносынчылары 2020-жылдагы мыкты фильмди тандады. Трейлер

© AP Photo / Taylor JewellСценарист жана режиссер Хлоя Чжао. Архив
Сценарист жана режиссер Хлоя Чжао. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинонун негизин Жессика Брудердин "Көчмөндөр жери: XXI кылымда Америкада кантип жан багуу керек" деп аталган романы түзгөн.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. "Көчмөндөр жери" киносу азырынча калың элге кеңири тартуулана элек. Премьера февралга пландалган жана ал Венеция кинофестивалында беделдүү сыйлыкка татыган.
Los Angeles Times АКШнын киносынчылары 2020-жылдагы мыкты делген фильмди тандагандыгын жазды. Ал режиссёр Хлои Чжаонун "Көчмөндөр жери" деп аталган кинокартинасы.
Netflix представил трейлер болливудского боевика, снятого в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Netflix Кыргызстанда тартылган Болливуд боевигинин трейлерин жарыялады
Бул кинофильм АКШдагы киносынчылардын улуттук коомчулугу бекиткен башка номинацияларда да байгеге татыды. Чжао мыкты режиссёр, ал эми Оскарды эки жолу алган Фрэнсис Макдорманд мыкты актриса деп аталды. Ал акча табуу жана үйлүү болуу үчүн фургонго түшүп алып АКШны түрө кыдырган ишсиз Ферндин ролун аткарган.
Кинонун негизин Жессика Брудердин "Көчмөндөр жери: XXI кылымда Америкада кантип жан багуу керек" деп аталган романы түзгөн.
Премьера элге быйыл февралда тартууланат. 2020-жылы коронавирустан улам элге тартууланбай келген эле.
2020-жылы картина Венеция кинофестивалында "Алтын арстан" сыйлыгын алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0