Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Академик: "Cпутник V" вакцинасын бардык курактагылар алса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко
Россиянын илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис вакцинаны сыноонун үчүнчү этабынын жыйынтыгында жаш куракка чектөө алынганын, эми бир катар оорулары бар картаңдарга да жеткиликтүү болуп калганын айткан.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Россия чыгарган "Cпутник V" вакцинасын алууда жаш курактык чектөөлөр жок. Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда сүйлөп жатып, коронавируска кабылуу коркунучунда 65-70 жаштан өйдө курактагылар турарын айткан. Бул адамдар көбүнчө кант диабети, кардиологиялык жана онкологиялык оорулар менен жабыркашат.
"Спутник V" вакцинасын сыноонун үчүнчү этабынын жыйынтыгында жаш куракка чектөө алынган. Бул вакцина бир катар оорулары бар картаңдарга да жеткиликтүү болуп калды", — деди Онищенко.
"Спутник V" — дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунан иштелип чыккан вакцина. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0