Bloomberg "Спутник V" вакцинасына ишенүүгө жүйөлүү себептерди атады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОтправка вакцины Sputnik V от COVID-19 за границу
Отправка вакцины Sputnik V от COVID-19 за границу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист кытайлык SINOVAC биофармацевтикалык компаниясы түзгөн CoronaVac вакцинасына караганда "Спутнике V" препаратына басым коерун кошумчалаган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Bloomberg агенттигинин журналисти Сэм Фазели "Спутник V" вакцинасына ишенүүгө кандай жүйөлүү себептер бар экендигин санап берген.
Анын айтымына караганда, Россия бул препараты менен алдын ала буюртмага келишим түзүп, арбын дозада вакцина жасаган ири беш өндүрүүчүнүн катарына кирди.
Киши колунда портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалык конгрессмен: вакцина алсам да COVID жуктурдум
Журналист "Спутник V" үчүнчү фазадагы клиникалык сыноодон өткөндүгүн айткан.
Анализ алынган ар бир этапта маалыматтарды текшерип турган көрсөткүч эмдөөнүн натыйжалуулугунун деңгээли 90 пайыздан ашкандыгын көрсөткөн. Бул үч этапта тең болгон. Изилдөө учурунда оор учурлар катталган эмес.
Фазели коронавируска каршы бириктирилген вакцина түзүү боюнча Россиянын англиялык-швециялык AstraZeneca компаниясы менен кызматташып жаткандыгын белгилеген. Анда "Спутник V" препаратынын жана AstraZeneca иштеп чыккан AZD1222 вакцинасынын бирден компоненти тандап алынгандыгы кабарланган.
"Бул бардык фактылар клиникалык сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы жок болгондугуна карабай "Спутник V" вакцинасы батыш лабораторияларда иштелип чыккан аналогдор сыяктуу эле күчтүү препарат болушу мүмкүн деп эсептөөгө болот ", — деген Фазели.
Журналист кытайлык SINOVAC биофармацевтикалык компаниясы түзгөн CoronaVac вакцинасына караганда "Спутник V" препаратына басым коерун кошумчалаган.
"Спутник V" — дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунан иштелип чыккан вакцина. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0