Индонезияда Boeing 737 учагы деңиздин үстүнө кулады

© AFP / ADEK BERRYСамолет Boeing 737-300 компании Sriwijaya Air
Самолет Boeing 737-300 компании Sriwijaya Air - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sriwijaya Air авиакомпаниясына тиешелүү аба кемеси Жакарта шаарындагы аэропорттон учуп чыкканына төрт мүнөт болгондон кийин кырсыктаганы маалым болду.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Индонезияда 50дөн ашык жүргүнчүсү бар Boeing 737-500 учагы деңиздин үстүнө кулап, кыйроого учурады. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Три человека погибли после падения самолета на дом в США — видео с места - Sputnik Кыргызстан
АКШда турак үйгө кулаган учак. Жеринен тартылган видео
Жээк күзөтчүлөрүнүн айтымында, суудан учактын калдыктары менен жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү табыла баштады.
Азырынча учак Жакартадан Понтианак шаарына бара жатып кырсыктаганы белгилүү. Жээкке жакын жашаган тургундар алгач эки ирет жарылуу болгондой катуу үн угулганын айтышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0