ЖМК: Twitter аккаунтун жаап салгандан кийин Трамп катуу каарданды

© AFP / OLIVIER DOULIERYБлокировка аккаунта президента США Дональда Трампа в Twitter
Блокировка аккаунта президента США Дональда Трампа в Twitter - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Twitter зордук-зомбулукка чакырыктарды алдын алуу үчүн президенттин аккаунтун жаап салууга аргасыз экенин айткан. Көп өтпөй Трамп Twitter анын оозун жаба албасын айтып чыккан.
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Twitter тармагы аккаунтун жаап салгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп катуу кыжырланып, "өзүнөн чыгып кетти". Бул тууралуу Politico гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Трамп баракчасынын иштебей калганын уккандан кийин катуу жинденип, башка варианттарды издей баштаган.
АКШ президенти Дональд Трамп митинг өткөрүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Капитолийдеги мыйзамсыздыкка жана башаламандыкка ачууланып жатам
Буга чейин Twitter зордук-зомбулукка чакырыктарды алдын алуу үчүн президенттин аккаунтун жаап салууга аргасыз экенин жарыялаган. Трамп Twitter анын оозун жаба албасын айтып чыккан, бирок бул публикациясы өчүрүлгөн.
Көп өтпөй Трамптын штабынын баракчасына кызыл фондо Twitter компаниясынын логотиби жана орок-балка коюлган сүрөт жарыяланып, ага Трамптын жогоруда айтылган билдирүүсү кайра коюлган. Мындай аракеттен кийин баракча заматта өчүрүлгөн.
Буга чейин деле Twitter, Facebook, Youtube жана Instagram Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап келишкен. Анткени ал 6-октябрда Вашингтондогу башаламандык боюнча эки анжы оюн айтып келген. Бир жагынан Капитолий имаратын басып киргендерди тарап кетүүгө чакырса, экинчи жагынан аларды патриот деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0