Трамп бийликти Байденге ирети менен 20-январда өткөрүп берүүнү убадалады

© REUTERS / JIM BOURGАКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капитолийдеги башаламандыкка жана Вашингтондогу коменданттык саатка карабай АКШ конгресси Жо Байдендин президент болуп шайланышын бекитти.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп 20-январь күнү жаңы шайланган өлкө башчысына бийликти ирети менен өткөрүп бере турганын убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Капитолийдеги башаламандыкка жана Вашингтондогу коменданттык саатка карабай АКШ конгресси Жо Байдендин президент болуп шайланышын бекитти.
"Шайлоонун жыйынтыгына толук ынанбасам да 20-январда бийликти өткөрүп берем", — деп Трамптын жазганын жардамчысы Дэн Скавино Twitter баракчасына жарыялады.
Канжалаган аял, полиция менен кагылышкан Трамптын тарапташтары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Канжалаган аял, полиция менен кагылышкан Трамптын тарапташтары. Видео
Ал эми Трамптын өзү "тарыхта калчу биринчи мөөнөт бүтүп бара жатса да, Американы кайрадан улуу өлкөгө айландыруу үчүн күрөш жаңы гана башталып жатканын" билдирген.
Шаршемби күнү Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0