Үшүбөйсүң, 100 грамм ичип ал! Кышында сууктан сактануудагы жаңылыш ойлор

© Sputnik / Григорий Василенко / Медиабанкка өтүүМеры предосторожности для защиты от вируса "свиного гриппа" в Киеве
Меры предосторожности для защиты от вируса свиного гриппа в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, адам билбестиктин айынан кышкысын көп суук тийгизет. Мисалы, каттап байпак кийүү же ичимдик ичип алуу дайым эле пайдалуу боло бербейт.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Жалпы практикалык дарыгер Анна Землянухина RT телеканалына кышкысын узак убакыт сыртта жүргөндөргө сууктан сактануу боюнча жаңылыш адаттарды айтып берди.
Анын айтымында, спирт ичимдиктери эч качан сууктан сактабайт.
"Ооба, ичип алган адам үшүбөй, тагыраагы, суукту сезбей калат. Спирт ичти ысытып, киши өзү да ысып жаткандай сезилет. Албетте, мындай учурда жылуулангандын ордуна боорун ачып, баш кийимин, шарфын чечип салышы мүмкүн. Дал ошол кезде суук катуу кармайт", — деди адис.
Экинчиден, бутту жылуу кармайм деп каттап байпак кийүү тетиринче суук тийгизиши мүмкүн экен. Анткени бир нече кат байпак кийгенде өтүк бутту катуу кармап (айрым учурда кысып) тердете баштайт. Ал эми ным болгон тамандан суук тез өтөт.
Даниловский рынок в Москве - Sputnik Кыргызстан
Өмүрдү узарта турчу азыктар аталды
"Үчүнчүдөн, көпчүлүк адамдар кол каптын канчалык пайдалуу экенин биле беришпейт. Колдун үшүгөнүнө дагы анча маани бербейт. Бирок сууктун көбү алакан аркылуу өтөрүн билип алганыңар туура", — деди дарыгер.
Мындан тышкары, ал тоңуп бара жатканын сезген адам эптеп үйгө жетип алайын деп кете бербей, бир жерге кирип жылынып, мүмкүнчүлүк болсо ысык чай ичип алганы туура экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0