Россияда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны миллиондон ашты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүВакцинация от коронавируса в Волгограде
Вакцинация от коронавируса в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги менен Росздравнадзор мекемеси вакцина алгандардын абалына мониторинг жүргүзүп жатат. Эч кимисинде препараттын кыйыр таасири байкалган жок.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Россияда миллиондон ашык киши коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбургга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
"Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык киши вакцина алды. Азыр күн сайын 100 миңден доза даярдалып жатат", — деди Гинцбург.
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инфекционист коронавируска каршы эмдөөнүн терс таасирин айтты
Ал кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлиги менен Росздравнадзор мекемеси вакцина алгандардын абалына мониторинг жүргүзүп жатат. Эч кимисинде препараттын кыйыр таасири байкалган жок.
Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы "Спутник V", андан соң "ЭпиВакКорона" вакцинасын иштеп чыккан. Кыргызстан дарыларды алып келүү боюнча Россия баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0