ДССУ коронавирустун жаңы штаммы 41 өлкөгө жайылганын билдирди

© REUTERS / HANNAH MCKAYЛондон шаарындагы тез жардам кызматы
Лондон шаарындагы тез жардам кызматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны менен катар башында Түштүк Африкадан чыккан мутация башка алты мамлекеттен да аныкталганы айтылат.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Коронавирустун Британиядан чыккан жаңы штаммы 41 өлкөнүн аймагынан аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянуу менен билдирди.
Ситуация в Малайзии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстандын медиктери эмне дейт?
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Андан мурдараак Түштүк Африканын Саламаттык сактоо министрлиги 501.V2 деген аталыштагы коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0