Коронавирусту басаңдата турчу зат табылды

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүВакцинация от коронавируса в Крыму
Вакцинация от коронавируса в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөнүн жыйынтыгы препарат коронавирус менен ооруган адамдарга аз да болсо пайдасын тийгизери жана анын өтө кооптуу эместигин көрсөткөн.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Гиперхолестеринемияны дарылоодо колдонулган флувастатин препараты коронавирусту басаңдатуучу таасир бериши мүмкүн. Немец жана швед окумуштууларынын изилдөөсү тууралуу РИА Новости жазды.
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эпидемиолог коронавирустун жаңы штаммы балдарга кооптуу экенин айтты
Мындан тышкары, COVID-19 жуктургандардын арасында статиндер препаратынын негизиндеги терапия алгандарда оң натыйжа байкалган.
Илимпоздор кошумчалагандай, изилдөөнүн жыйынтыгы флувастатин коронавирус менен ооруган адамдар үчүн коркунуч келтирбей турганын жана оорудан айыктырууга аз да болсо пайдасын тийгизерин көрсөтүп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0